Ибрахим Калын: «Түркия укуктарын коргош үчүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде»

Ибрахим Калын, Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) жана Брюссель тектүү ой-пикир мекемеси Европанын Саясат борбору (EPC) тарабынан онлайн түрүндө уюштурулган «Бельгисиздик мезгилинде Түрк тышкы саясаты» аттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

1460738
Ибрахим Калын: «Түркия укуктарын коргош үчүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын укуктарын коргош үчүн Чыгыш Жер Ортолук деңизде экендигин белгиледи.

Ибрахим Калын, Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) жана Брюссель тектүү ой-пикир мекемеси Европанын саясат борбору (EPC) тарабынан онлайн түрүндө уюштурулган «Бельгисиздик мезгилинде Түрк тышкы саясаты» аттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

Ливия туурасында активдүү түрдө дипломатия жүргүзүлгөнүн белгилеген Калын, кечээ Орусия менен «коопсуз жана туруктуу» ок атпоонун үстүндө иштей турган жумушчу топтун түзүлүүсү боюнча макулдашкандарын түшүндүрдү.

Түркиянын эл аралык мыйзамдуулукка ээ болгон Улуттук ынтымак өкмөтүнүн чакыруусу менен Ливияда болгонун эске салган Калын, козголоңчу Хафтердин кол салуучу мамилесин улантканын баса белгиледи.

Калын, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун агрессивдүү Ливия саясаты менен Европада ишке ашыра албаган лидерлигин Түндүк Африкада көрсөткүсү келгенин, Франциянын Хафтерге көрсөткөн колдоосунун НАТОнун түштүк аймагынын коопсуздугун да коркунучка салганын баса белгиледи.

Египет парламентинин Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сисиге «Ливияга кийлигишүү» ыйгарым укугун берген долбоорду бекитүүсүн зыяндуу деп тапкандарын белгилеген Калын, Египеттин Ливияга аскер жөнөтүшүнүн коркунучтуу аскердик фиаско боло турганын айтты.

Түркия жана Грециянын окшош тарыхты жана маданиятты бөлүшкөн НАТОдо шериктеш абалындагы эки кошуна өлкө болгонун эске салган Калын, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгейде деңиз чек аралары жана континенталдык шельф сыяктуу чечилбеген темалар бар экенин эске салды.

Калын, грек тарабынын Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде максималист дооматтарды койгонун баса белгилеп, «Түркияга 2 чакырым алыстыкта, Грециянын негизги жерине болсо 580 чакырым алыстыкта турган Мейс аралынын Анталья булуңунун дээрлик жарымындай болгон 40 миң чарчы километр кеңдиктеги континеталдык шельф дооматы эч качан кабыл алынгыс.  Бул логикага, аймакка жана эл аралык келишимдерге терс түшөт. Грециянын максималист позициясын кабыл албайбыз»,деген серебин салды.

«Оруч Реис» изилдөө кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги изилдөө иш-аракеттерине байланыштуу Калын: «Грециянын ашкере каршылык көрсөткөнүн ойлоодобуз. Чыгыш Жер Ортолук деңизде кандайдыр бир аскердик же саясий чыңалууну каалабайбыз»,-деп айтты.

Калын, Түркиянын Греция менен атайын белгиленген экономикалык аймак менен катар деңиз чек аралары темаларын сүйлөшүүгө даяр болгонун, грек тарабынын болсо ашкере максималист позициясынан баш тартышы керектигин баса белгиледи.

Кипрдин Рум башкаруучулугунун да Греция сыяктуу мамиле кылганын жана Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүн Түркияга кысым көрсөтүү максатында соодалашуу көзүрү катары колдонгондорун эске салган Калын: «Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги бардык жаратылыш булактарынын адилеттүү түрдө бөлүшүлүшүн каалайбыз. Биз бир гана укуктарыбызды коргош үчүн ал жердебиз.Коркутуу жана санкция сыяктуу айтымдарды эч качан кабыл албайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар