Түркия эмне үчүн С-400 алууда?

Түркия өкмөтү С-400 темасында кысымдарга моюн сунбайт.

1218313
Түркия эмне үчүн С-400 алууда?

Түркия эмне үчүн С-400 алууда?

Түркия өкмөтү С-400 темасында кысымдарга моюн сунбайт.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган 2019-жылдын 12-июнундагы акыркы билдирүүсүндө «Түркия С-400 коргонуу системаларын алат деген жокмун, алды. Биз бул ишти бүтүрдүк. С-400дөр ылайыктуу баада болушу менен катар биргелешип өндүрүүгө өтүүнүн да убадасын алып келишимибизге кол койдук. Буюрса кыска убакыттын ичинде келет. Сирия кризисин С-400 жана F-35тен бөлүп карабашыбыз керек»,-деп Түркиянын чечкиндүүлүгүн ортого салды.

Ошол эле күнү 12-июнда Россия күнүндө Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов да Орусиянын С-400дөр темасында мамилесинин өзгөрбөй турганын, Түркия жана Орусиянын техникалык топторунун иштери улана турганын айтты.

Бул билдирүүлөрдүн негизинде АКШ жана НАТОдон келген баардык ачык кысымдарга карабастан Түркия жаңы жана маанилүү турум көрсөтүүдө. С-400дөрдүн июль айынан баштап биринчи бөлүктөрү Түркияга келе баштай турганы жарыяланды. Орусия менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча С-400дөр бир гана Түркиянын жерлеринде колдонулат. Ушул беренеге караганда тез-тез күн тартипке келген Түркия алып үчүнчү бир өлкөгө сата алабы? деген сыяктуу талаштар да жарактуу эмес. Бирок Түркия АКШ менен болгон кризис тереңдешсе бул системаны өз базасы жайгашкан Түндүк Кипр Түрк Республикасына да куруу укугуна ээ боло алат.

Түркия, С-400дөрдү коргонуу куралы катары алууда.

Түркиянын абадан коргонуу системасына муктаждыгы 1 жылдык маселе болбостон акыркы 10 жылдан бери муну жое алыш үчүн аракет кылууда. Анда эмне үчүн Түркиянын С-400 алуу муктаждыгы бар? Анткени Түркия, НАТО шериктеши АКШнын «Патриот» ракеталык коргонуу системасы талабына оң жооп бербегени боюнча башкача альтернативаларга багыт алып, Орусиянын ылайыктуу сунушун карап чыкты жана С-400 абадан коргонуу системасын сатып алуу чечимин чыгарды. Бирок келип жеткен жерде С-400 аскердик система болуудан чыгарылып, АКШ тарабынан саясий маселеге айландырылууга аракет кылынууда.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгы, Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын алган учурунда ар түрдүү санкцияларды киргизе турганын байма бай айтууда. Ал эмес эң акыркы жолу АКШнын коргоо министринин орун басары Шанахандын Түркиянын коргоо министри Акарга жазган катында санкциялар сөз кылынып, ошол эле убакта Түркия сыяктуу, шериктеши болгон өлкө коркутулган. АКШнын бул мамилеси шериктештикке дагы, дипломатияга дагы дал келбейт.

Түркия, С-400дөрдү кол салуучу курал катары алган жок. Анткени С-400 коргонуу куралы болуп эсептелет. Түркияга кол салууну ойлобогон кандайдыр бир өлкөнүн мындан тынчсызданбоосу керек. АКШ, С-400дөргө каршы чыгып жатып рынокко жаңы чыгарылган F-35 согуштук учактарынын системаларын уурдап ала турганын жана НАТО менен шейкештиги жок экенин айтып чыкты. Ал эми Түркия биргелешкен комиссия түзүп мунун иликтенишин жана эгерде АКШнын тезистеринин туура болгон учурунда мындан баш тартыла турганын айтса дагы, АКШ муну кабыл албай айтымдарынын туура болбогонун да кабыл алган болду.

Түркия сатып алган С-400дөр өзүнчө бир система менен иштелгени үчүн жана текшерүү толугу менен Түркияда болгондуктан Ф-35тердин сырларын Орусиянын алуусу мүмкүн эмес.

АКШ, террордук уюмдар менен карым-катнаш түзүп Түркия менен шериктештик укугун жокко чыгарууда.

АКШ Конгрессинин өткөн жылы чыгарган «Америка душмандарына санкция менен күрөшүү мыйзамы» (CAATSA), Түркияга киргизилсе АКШ жагынан болгону сыяктуу бүткүл дүйнөгө таасир тийгизе турган аймактык өзгөрүү болушу мүмкүн. НАТО жана Европанын Карадеңиз баш болгон Чыгыш Жер Ортолук деңиз, Чыгыш Европа, Балкан, Жакынкы Чыгыш ж.б. аянттарда Түркиясыз саясаты абдан чыгымдуу жана ийгиликсиз да болот.

АКШ Түркияны С-400 сатып алып шериктештик мыйзамын бузуп жатат деп күнөлөөдө. Бирок өзү шериктеш катары Түркиянын бир канча жылдан бери сурап келе жаткан «Патриот» абадан коргонуу системаларын бербей койгонун сөз кылбай эле. Өзгөчө 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда төңкөрүш аракетине аралашкан жана 200 адамдын набыт болушуна, 2 миң чакты адамдын жаракат алышына себеп болгон террордук уюм ФЕТӨнүн лидерин АКШда баш калкалатып, террордук уюмдун мүчөлөрүнүн АКШда башпаанек алууларын көрмөксөнгө салып өзү шериктештик мыйзамын тебелеп жатат. Ошондой эле Түркияда 1980-2019-жылдар аралыгында 40 миң кишинин каза болушуна себеп болгон жана миңдеген кишини үйсүз калтырган ПКК-ПЙД террор уюму менен Сириянын түндүгүндө кызматташтык түзүп жатканда жана миңдеген фуралык курал берип жатканда шериктештиктен сөз кылбай эле.

АКШ бүткүл дүйнөнү коркутуп эл аралык мыйзамды көрмөксөнгө салууда.

АКШ шериктештик мыйзамын бир гана өз кызыкчылыктары сөз болгондо күн тартипке коюуда. Ушундай эле түрдө Германияга Түндүк Агым-2 газ куурун сала албайсың деп айтып, Европага менден уруксатсыз өз армияңды түзө албайсың деп, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин тебелеп бүткүл дүйнөнү соода-сатык эмбарголору менен коркутуп шериктештик рухун эч ойлогон жери жок.

Түркиянын аймактык коопсуздук коркунучтарына карабастан көпкө созулган абадан коргонуу системасын издөөсү НАТО шериктештери тарабынан көрмөксөнгө салынышы Түркияны Орусиядан С-400 сатып алуусуна аргасыз кылды десек болот.

АКШнын өз кызыкчылыктарын ойлоп Орусия, Түндүк Корея, Иран; Кытай жана Венесуэладан кийин Түркияга бир жактуу түрдө санкция киргизүүгө даярданышына Европа өлкөлөрүндө да эми АКШнын бир тараптуу саясаттарына үн катуунун убагы келди. Эгерде Европа өлкөлөрү бул абалга үн катпаса Түркиясыз өздөрүнүн коопсуздугу коркунучка кептелет жана АКШнын бир тараптуу саясаттары бир күнү аларга да таасирин тийгизет.

Түркия НАТОнун эң маанилүү мүчөсү катары өз милдетин толук аткарууда.

 АКШ менен Европа алгач Түркиянын С-400 чечиминин эч бир өлкөгө каршы чыгарылган чечим эмес экенин түшүнүүсү керек. Дүйнөдөгү кризис аймактарында көптөгөн маселе турганда коргоонуу максатында сатып алынган бул куралды коркунуч катары көрүү дүйнөлүк коомчулукту көндүрө албайт. Түркия көптөгөн жылдардан бери Ооганстан менен катар Косово, Кара деңиз, Сирия, Босния ж.б өлкөлөрдө НАТОнун эң активдүү өлкөсү болуп келди. АКШ өз саясаттары менен Түркияны жалгыздаштырууну каалап жатса муну ишке ашыра албайт жана түрк коомчулугу каршылык көрсөтөт. Ал эми Түркия коргонуу өнөр жайынын чет элдик шаймандарына болгон муктаждыгын Орусия жана Кытайдан камсыздоого аргасыз калтырылышы мүмкүн. АКШнын сакцияларынан келип чыга турган бош орунду жана обочолонууну саясий, экономикалык же аскердик жактан башка өлкөлөрдүн  ээлеши АКШнын Түркияны толугу менен жоготуусуна да алып келет. 

Түркиянын С-400 чечими эгемендик негиздерине жараша түшүнүлүүсү керек. Түркия абадан коргонуу муктаждыктарын эң ылайыктуу система жана эң ылайыктуу камсыздоочу менен чечүүнү тандады. АКШ өкмөтү «Патриот» сатпай койгону үчүн Түркия табигый түрдө жаңы камсыздоочу издеди.

АКШ өкмөтү CAATSAны себеп көрсөтүп Түркияга саясий жана аскердик жактан санкцияларды киргизиши мүмкүн жана булардын экономикалык таасири болот. Бирок бул санкциялар орто жана узак мөөнөттө Түркиянын мимилелеринде кааланган өзгөрүүлөрдү алып келбейт. Түрк коомчулугу кылымдар бою акылууларга, кыйынчылык тарткандарга колдоо көрсөтүп келген жана демократияга ишенген улут болуп саналат. АКШ Түркияны жазаландырып баш ийдирүүнү ойлоп жатса бул тескери таасир берет.

Күчтүү өлкөлөр, күчсүз көргөн өлкөлөрдү басынтып же коркутуп бул дүйнөгө тынчтык алып келбей тугандарын түшүнгөн күнү бүткүл дүйнөдө тынчтык өкүм сүрөт.

Орусия изилдөөлөрү институтунун төрагасы, Анкара Йылдырым Беязыт университетинин мугалими проф. др. Салих Йылмаздын темага байланыштуу көз карашын окудуңуздар.



Тектеш кабарлар