Заманбап инсан жана Рамазан айы

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий билимдер факультетинин деканы профессор Кудрет Бүлбүлдүн пикири.

1213591
Заманбап инсан жана Рамазан айы

                   

Сөзүмдү бир Кытай каргышы менен баштаймын : «Кызыктуу мезгилдерде жашагын». Кытайлыктардын муну менен эмне айткысы келгенин билбеймин бирок бардык нерсеге ээ болгон учурда заманбап адамдын ичинде орун алган жалгыздык жана  кадыр  - баркынын жоктугу кризиси ортого чыгып, кызыктуу мезгилдер  болушу керек.

Аянычтуу абалга түшкөн заманбап инсан...

Чындыгында заманбаптыктын жалгыз инсаны башка жандуу түрлөрүнө караганда дагы аянычтуу абалда. Заманбап инсан табиятка, салтка, динге, баалуулуктарга, бардык чектөөлөргө каршы чыгып, бир гана акылынын бийлигине баш ийип өзүнүн Кудай экендигин жарыялап жатат. Жасалма акыл жана башка аракеттер менен түбөлүктүүлүк тууралуу изденүүсүн улантууда. Бирок жарытылышы Кудай эмес. Түбөлүктүү эмес, ажалдуу.

Тарыхтын башка бир мезгилинде заманбап адамчалык чексиз каалоолору менен молчулук ичинде жакыр, көп кишинин арасында жалгыздыкты, бардык мүмкүнчүлүктөр ичинде чарасыздыкты  бир учурда жашаган башка бир мезгил болгонбу билбейм.

Заманбап инсан керектөөчү коомунун кулу... Жаратылышты, буюмду, принциптерди, баалуулуктарды, салттарды бир гана жолу колдоно турган абалга алып келип  жок кылган бир жандык.

Заманбап инсанды бардык нерсени жок кылган өзүмчүлдүгүнөн куткара турган, устат Нежип Фазылдын айтканындай : «Токтогула калың эл, бул жол чыкпас жол, кыйкырсам колумду ачып»,- детирте турганчалык жана титиретип өзүнө карата турганчалык бир убакыт тилими болбойт беле? Өзүн бир карап чыгууга мүмкүнчүлүк бере турган салтты, бир убакыт тилими? Диндер, идеологиялар, ой формаларынын арасында ушундай салт барбы деп сурала турган болсо, Рамазан айы бул изденүүнүн так эле жообу.

Орозонун мааниси

Заманбап инсанды бул кризистен, өзүмчүлдүгүнөн жана жалгыздыгынан куткара турган нерсе бир гана өзү үчүн жашабашы. Бардык нерсени өзүнүн ырахатына айландырбашы. Рамазан бардык жасагандары жана жасабагандары менен  адамды өзүнөн сурата турган ай.

Бүгүн адамзаттын негизги үч маселеси  -  адилетсиздик, бөлүшө албагандык жана айырмачылыктар менен бирге жашай албашы. Рамазан айы бул бардык кемчиликтерди жалгыз жойо ала турган ай. Орозо кармоо балким белгилүү убакыттарда  бир нерсе жеп ичүү эле эмес. Андан башка денени көптөгөн нерселерден куру калтырып, түрдүү нийметти байкап билүү.

Орозо адамды керектөөчү кулчулугунан куткарып, аны эркиндикке чыгаруунун башка бир аты. Рамазанда орозо кармаган бир гана ашказан эле эмес, тил, аң  - сезим, жүрүш – турушубуз. Рамазан айыбардык денебизди түрдүү жамандыктардан тазалайт. Орозо бир жүрөк тазалыгы. Баарына ээ болуп туруп тойбостуктун, канааттана албагандыктын дарысы.

Бөлүшүү жана тынчтыктын айы...

Рамазан тилдер, улуттар, түстөр, идеологиялар арасында бөлүшүүнүн, биримдиктин айы. Исламдын  дүйнөлүк экендигин эң эстетикалуу чагылышы балким. Мусулман коомдордогу ооз ачырууга чакырууларда курулган ооз ачыруу чатырларында, адамдан ким экендиги, эмне экендиги суралбайт. Юнустун айтканындай айта турган болсок «Жаратылган жактырылат жараткандан дагы көп» .

Ооз ачыруулардын дүйнөгө берген кабары жана бириктирүүчүлүгү мусулман болбогон коомдордо да өзүн сездирет. Бул жерлерде мусулман коомдор, коңшулары менен, мусулман болбогон кишилер менен ифтарларын бөлүшөт. Буга кээ бир мамлекеттер да баш ийүүдө. Жыл сайын Ак үйдө жана кээ бир батыштык мамлекеттерде ооз ачыруу программалары уюштурулууда.

Рамазан айы өзгөчө түркиялык жарандык коом мекемелеринин өлкө ичинде жана өлкө тышында эң көп жардам берген, бүткүл дүйнөдөгү жетимдерди, эч кимиси жокторду, жардамга муктаж кишилерди эң көп кубанткан учурлардын бири. Битир, садага, зекет жана ыктыярдуу жардамдар менен муктаж болгон кишилерге жардам бериши, бир гана жакшылык жана ыктыярдуу бир кыймыл эмес. Анын тышында бул бөлүшүүлөр адамдардын жокчулук,  жакырдыктын айынан уурулук, талап  - тоноо, террор сыяктуу жаңылыш жолдорго түшүшүнө тоскоол болуу менен дүйнөнүн тынчтыгына да абдан маанилүү салым кошууда. Жардам берүү, тынчтык ичинде жанаша жашоонун негизи. Эң бай өлкө болбосо да Түркия кирешесине карата эң көп жардам берген өлкө, бир гана эч кимиси жокторго эле эмес, тынчтыкка да салымын кошууда. Статистикалар да эң аз кылмыш кылуу катнашынын да Рамазан айында болгондугун көрсөтүүдө.

Эскерүү, жараштыруу айы

Рамазан айында Түркияда ооз ачыруулар, зоорлуктар, тараву намазы, Кадыр түн жана бул түнгө таандык иш чаралар, шаан  - шөкөттөр өткөрүлөт. Бул иш чаралар бардык коомду кучагына алган иш чаралар. Рамазан иш чаралары эч кимди бөлбөйт. Балким да улутубуздун эч кимди бөлбөстөн, өз жашоосун жарата алган дүйнөдөгү аз кездешкен калктардын бири болушунун себеби бул.

Рамазан бир эскерүү, жарашуунун айы. Рамазан бир гана жашагандардын эмес, ошол эле учурда арапа күндөрү мазарлары да зыярат кылынган ай. Мазар зыяраттары каза болгондордон дагы көп жашагандарга бир нерселерди кошот .Акын Сезаи Каракоч айткандай «Мазардан бийиктеп чыккан жазды» жашатат бизге. Бул зыяраттар дүйнө турмушунун убактылу экендигин эске салуу менен дүйнөдөгү онтологиялык мамилебизди да өз ордуна отуртат.

Мазар зыяраттары көз карашыбызды, абалыбызды ар дайым болгондой дагы бир жолу тартипке салат. Рамазан айы  ошол эле учурда таарынчтар жазылып, артта калган жарашуу айы. Коңшулардын, туугандардын, дос  - жарлар зыярат кылынган ай. Майрамдашуу, бирин зыярат кылуу заманбап инсандын жалгыздыгын, достукка, макетешүүгө болгон кусалыгын жок кылат.

Сөзүмдү бул сунуш менен бүтүрөйүн : Рамазан айы замандап инсанls чынжырларынан куткарган, аны эркин кылган, тегерегине, коомго, башка жандууларга, жаратылышка каршы дагы сезимталдуу абала алып келген берекени, бейкуттукка жана дүйнө тынчтыгына кошкон салымы менен ЮНЕСКОнун дүйнөлүк так болбогон маданий мурасына алынышы керек болгон ай.

Же дүйнө тынчтыгына кошкон салымы үчүн бериле турган сыйлыктар киши же башка мекемелердин тышында башка бирнерсеге бериле турган болсо буга эң эле ылайыктуусу Рамазан айы. Рамазан майрамыбыз кут болсун.



Тектеш кабарлар