Африн : тынчтык үчүн жеңиш, террор үчүн жеңилүү

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде 24 – мартта чыккан макаласы.

939277
Африн : тынчтык үчүн жеңиш, террор үчүн жеңилүү

Африн кыймылы Сириянын түндүгүндөгү террористтерге олуттуу сокку урду жана террордун бардык түрүнө каршы кыймыл кылган баары тарабынан колдоого алынышы керек.

Түрк армиясы жана Эркин Сирия Армиясынын 20 -  январда баштаган «Зайтун бутагы» операциясы 18 -  мартта Африн шаар борборунун колго алынышы менен олуттуу бир баскычка кирди. Африн аймагы ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы ПЙДге караштуу куралдуу ЙПГ мүчөлөрүнөн тазаланды. Аймактын террордон тазаланышы террор менен күрөштө чоң бир ийгилик катары белгиленип жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн ташталган оң кадам катары колдоого алынышы керек эле. Бирок анын ордуна кээ бир чөйрөлөр Түркиянын жеңишинен жана ЙПГнин жеңилишинен санааркагандыктан кошок айткандай болушту. Бул абал белгилүү батыштык чөйрөлөрдүн орток аң  - сезиминде эски логикалык жаңылыштыкты ачыкка чыгарды.

Түркиянын ПЙД жана ЙПГге карата мамилеси дайыма так болгон -  бул топ ПККнын Сириядагы филиалы жана бир террордук уюм катары ДЕАШтан эч бир айырмасы жок. Түркия бул эки топко каршы Сирияда, Иракта жана башка жерлерде күрөшүп келди. Бул күрттөрдүн өкүлү экендигин айткан  марксист -  ленинист террордук уюмга каршы бирден көп фронтто жүргүзүлгөн күрөш. Бул уюм бир гана түрк, Сирия, Ирак жана Иран аскерлери менен полициясына эле эмес, күрт уруу жана саясий лидерлери менен алардын зулумчулугуна баш ийбеген ким бар болсо ага кол салган жана аларды өлтүргөн. ДЕАШка каршы күрөш араптар менен мусулмандарга каршы согуш болбогондой эле ПККга каршы согуш да эч качан күрттөргө карата согуш болгон эмес.

Бирок «Зайтун бутагы» операциясынын Африндеги ылдамдыгы жана улантылышына  таң калып, куру кыялга жетеленгендер эми бул жеңишти ДЕАШка каршы күрөшкө карата сокку катары көрсөтүүгө аракет кылышып жана батышка күрттөргө  кыянаттык кылбагыла деген эскертүүлөрдү берип жатышат. Чындыгында бул жерде кайсы күрттөрдөн сөз кылып жатышат? ПККнын модасы өтүп марксист  - ленинист идеологиясын, кысымдарын, зулумчулугун, адам качырууларын жана күрт балдарынын мажбурлоо менен колуна курал алышын кабыл албаган күрттөрдүбү же ПКК террористтерден сөз болуп жатабы? Алардын оюу боюнча ПКК мүчөсү же жактоочусу болбогондор күрт деп саналбайт. Күрттөрдү  колдоо дегенде ПКК террордук уюму жана анын Сирия, Ирак менен Ирандагы уландыларына ачык түрдө колдоодон сөз болууда.

Бул чөйрөлөрдүн  түшүнүп, ал түгүл кабыл алып, моюнга алууну каалабаган нерсеси болсо ПККны бир гана заманбап дүйнөнүн күч оюндары жана согуштарында колдонулган бир каражат катары көргөн миллиондогон күрттүн бар экендиги чындыгы. Батыштык жалган адистер ПККга мүчө болбогон күрттөрдү жок деп санашат. Ушундай эле Афринди эркиндикке чыгарган Эркин Сирия Армиясы тарабында согушкан сириялык күрттөрдү да көрбөстүккө салышууда. Бул ККК (Ку-клукс-клан: АКШдагы ашыкча улутчул уюм) уюмуна мүчө болбогон же бул уюмду колдобогон ак америкалыктар ак эмес дегенге окшоп жатат. Же нео – нази болбогон немистер чыныгы немис эмес деп айткандан эч бир айырмасы жок мунун. Бул жаңылыш логика күрттөрдү, Түркияны жана дагы кенен бир мааниде Жакынкы Чыгышты алуу үчүн рационалдуу бир негиз түзө албайт. Американын мурунку президенти Барак Обаманын ЙПГни колдоо чечими абдан маанилүү жаңылыштык эле жана эч бир стратегиялык маневра же адис көз карашы бул жаңылыштыкты оңдой албайт. Сирияда ДЕАШка каршы согуш деген ат менен ЙПГнин колдоого алынышы күрттөргө жасалган адилетсиздик. Бул саясат өзгөчө Түркия жана АКШ сыяктуу эки НАТО союздашын маанилүү бир аймактык тема аркылуу келишпестикке алып келген. Бул жалган адистер ДЕАШ жана ЙПГге каршы күрөшкө киришкен Анкараны териштирүүнүн ордуна бир НАТО союздашына каршы террордук уюм менен өнөктүштүк түзүүнү четке кагышы керек эле.

Африн кыймылы ылдам жана ийгиликтүү болду; жарандык жоготуу болбостон, шаар жана кыштактар кулаган жок. Адамзаттык бир кризис чыкпастан, азыркы учурда да жарандар үйлөрүнө кайтышууда. Адис сыяктуу өзүн көрсөткөн ПКК колдоочулары Мусул жана Ракка операцияларынан мурда жана кийин көрсөткөн фотографияларды Афринде мурда жана кийин тартылган фотографиялар менен салыштырышсын. Түркияга рахмат айтып жана «Евфрат калканы» менен «Зайтун бутагы» операциясын терроризмге каршы күрөштө сабак катары кабыл алуулары керек. Түркиянын жеңишинин алдында аза күтүүлөрү негизинен ЙПГ жана кыйыр түрдө ПККнын жеңишили үчүн күтүлгөн аза.

Түркия эч качан демографиялык өзгөрүүнү жактаган эмес. Түркиянын Жараблус жана Ел Баб ортосундагы аймакта аткаргандары белгилүү. Ошондуктан Африндин демографиялык түзүлүшүнүн өзгөртүлөрүнө байланыштуу айтылгандар ЙПГ жайылткан  жалган. Негизинен Тель Абяд, Кобани жана Сириядагы башка араптар көп жашаган кыштактардагы мажбур түрдө демографиялык өзгөрүүлөрдү ишке ашырган ПЙД жана ЙПГнин өзү жана бул саясаттар Эл аралык амнистия уюму тарабынан да ыктымалдуу согуштук кылмыш катары мүнөздөлгөн.

Африн операциясы Эркин Сирия Армиясынын согуша албайт деген ойлорду да жалганга чыгарды ; бул Сирияда ПКК тарабынан жайылган тактикалык жалган. Эркин Сирия Армиясы Жараблус менен Афринде болгондой көптөгөн жылдар мурун АКШ тарабынан жарым жолдо калтырылган башка жерлерде да ДЕАШ жана ЙПГ террористтерине каршы дициплиналуу жана ийгиликтүү түрдө согуша аларын көрсөттү. ЙПГнин ДЕАШка каршы бир гана күч экендиги жана бул себептер менен ар кандай колдоого алынышы керектиги тууралуу айтылгандар ишти тескерисине айландырууда. ЙПГге берилген колдоо башка бир топко  берилгенде бул топ ДЕАШ жана башка коопсуздук коркутууларына каршы эң таасирдүү күч болмок. Африн операциясы тынчтыктын жеңиши жана терроризмдин жеңилиши. Сириянын түндүгүндөгү террористтерге чоң сокку урган бул операция терроризмдин бардык түрүнө ачыкча каршы чыккан баары тарабынан колдоого алынышы керек.



Тектеш кабарлар