Кыргызстанда КТРК көп көрүлөт...

"M-Vector" консалтинг агенттиги Кыргызстандагы медиа рынокту иликтеп, жыйынтыгын жарыялады.

870153
Кыргызстанда КТРК көп көрүлөт...

"M-Vector" консалтинг агенттиги Кыргызстандагы медиа рынокту иликтеп, жыйынтыгын жарыялады. 

Иликтөө сурамжылоонун негизинде уюштурулуп, ага өлкө аймагынан 2200гө жакын адам катышкан. Мында жашоочулар кайсы телеканал, радио, интернет-сайт жана гезиттерди окуп, эмнеге көбүрөөк көңүл бурушары аныкталган. Иликтөөдө кыргызстандыктар маалыматты интернеттен көп аларын, бирок телеканалдардын берген маалыматтарына ишенерин билдиришкен. 

Жыйынтыгында өлкөдөгү эң көрүмдүү телеканалдардын баш сабында КТРК турса, кийинки катарда Коомдук каналдын Музыка, Баластан жана Ала-Тоо-24 каналдары аталган. Агенттик ошондой эле өлкө санарипке өткөндөн кийинки абалга да байкоо салган. "M-Vector" агенттиги мындай иликтөөнү 2011-жылдан бери жүргүзүп келет. Иликтөө эл аралык уюмдардын каржылоосу менен ишке ашкан.



Тектеш кабарлар