Кыргызстанда жаңы шайланган президент ант берет
Иш-чара мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өткөрүлөт
838192
Жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи 24-ноябрда болот. Иш-чара мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтмөй болду.
Эскерте кетсек, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы 30-октябрда чыккан.
Анда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышкан жарандардын 54,22% добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын президенти деп жарыялаган эле.
КТРК