Кыргызстанда шайлоо аяктады

Кыргызстанда эл бүгүн 5-президентти шайлаш үчүн добуштарын берди.

827320
Кыргызстанда шайлоо аяктады

Кыргызстанда эл бүгүн 5-президентти шайлаш үчүн добуштарын берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда Кыргызстанда добуш берүүлөр саат 20:00дө аяктап, үкөктөр жабылганы жарыяланды.

Шйлоодо биометрикалык көрсөткүчтөрү алынган шайлоочулар 2375 шайлоо участкасында добуштарын берди.

Шайлоону Европа Парламенти, Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Түрк Кеңеши, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык мекемелер менен катар Түркия да арасында болгон 59 өлкөдөн бардыгы 773 байкоочу байкады.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Жарактуу добуштардын 50 пайызынан көбүн алган талапкер президент болот.

Добуштар 50 пайызга жетпей калса эң көп добуш алган эки талапкер эки жумадан кийин өтө турган экинчи айлампада жарышат жана 6 жыл бою Кыргызстандын президенттик кызматын аткарат.



Тектеш кабарлар