А.Атамбаев В.Путин менен жолугушту

Жолугушуу Сочи шаарында өткөрүлдү

807463
А.Атамбаев В.Путин менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Сочи шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда Владимир Путин эки мамлекеттин өз ара кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулаган мындай мүмкүнчүлүккө кубанычта экендигин белгиледи.

Путин - "Биздин жолугушууларыбыз үзгүлтүксүз өтүп жатат. Бул жакшы, анткени бизде сүйлөшчү иштерибиз арбын. Кызматташтыктын көлөмү өсүп жатат, ошондуктан оперативдүү талкууну талап кылган актуалдуу маселелер ар дайым бар», - деп Россиянын лидери өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү өсүп жаткандыгын, дээрлик баардык багыттарда жылыш бар экендигин кошумчалады. 

Владимир Путин белгилегендей, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан бери бирикменин башка катышуучулары менен экономикалык байланыштар активдешип жаткандыгы байкалат. «Бул жакшы жышаандар, бирок биз айрым бир маселелерди абдан дыкаттык менен карап чыгышыбыз керек»,-деди ал. Президент Алмазбек Атамбаев дагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экендигин белгиледи. "Эки тараптуу маселелерди талкуулагандын ар бир мүмкүнчүлүгү - абдан маанилүү. Мен кубанычтамын, анткени ар дайым колдоо табам. Өткөндө Москвадагы жолугушууда биз мигранттар үчүн айдоочулук күбөлүктөр жана башка маселелерди талкуулаганбыз. 

Мунун баары чечилип жатат. Менин Президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин ушул сыяктуу көптөгөн маселелерди чечсек деп ойлойм. Декабрь айына чейин дагы бир нече жолугушуубуз бар экендигине кубанычтамын. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы биз жетишкен деңгээлди дагы жогорулатып, мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч аракетти жумшашыбыз керек деп ойлойм",- деди Алмазбек Атамбаев.

КТРК



Тектеш кабарлар