Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өтүүдө

Иш-чарага 15 мамлекеттин маданият өкүлдөрү келишти

801088
Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун фестивалы өтүүдө

Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун 4-фестивалы өтүп жатат. Иш-чара ар 3 жылда бир жолу болот. Быйылкы фестиваль "Ыйман, адеп жана маданият" жылы, ошондой эле улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналды. 

Иш-чарага 15 мамлекеттин маданият өкүлдөрү келишти. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында фестивалдын ачылышы болду. Бул жерде 20га жакын боз үйлөр тигилди жана "Мыкты боз үй" сынагы да жүрүп жатат. Фестивалдын алкагында "Эпос таануунун учурдагы маселелери жана чакырыктары" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык симпозиум дагы өтүүдө. 

Фестиваль 4-5-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп, 6-сентябрь күнү Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.

КТРК



Тектеш кабарлар