Бишкекте салттуу эл аралык “Оймо-2017” фестивалы өтүп жатат

“Оймо-2017” фестивалынын уландысы Ысык-Көлдө өтөт

778879
Бишкекте салттуу эл аралык “Оймо-2017” фестивалы өтүп жатат

Бишкекте башталган салттуу эл аралык “Оймо-2017” фестивалына Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген 120дан ашык кол өнөрчүлөр катышып жатат. 

Фестиваль жылдан жылга кеңейүүдө. Мисалы, быйыл Корея менен Моңголия мамлекеттери конок катары келген. “Оймо-2017” фестивалынын уландысы 1-августтан 6-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Иш-чаранын негизги максаты - өлкөдөгү кол өнөрчүлүк рынокту өнүктүрүү, каада-салттарды кайра жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу жана Кыргызстандын бермети - Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык маданий туризм аймагына айландыруу болуп саналат.

КТРК



Тектеш кабарлар