Расмий "адал" стандартын киргизүү демилгеленди

Долбоор Кыргызстанды сырткы рынокко - эл аралык жана адал стандарттарына туура келген, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын чыгарган өлкө катары көрсөтүүнү максат кылат

735138
Расмий "адал" стандартын киргизүү демилгеленди

Экономика министрлиги расмий адал стандартын түзүүнү демилгелеп, адал индустриясынын ишмердигин жөнгө салуучу токтом чыгарууну сунуштады. 

Министрлик өлкө аймагында адал азыктарды сатууну жөнгө салып, эрежеге тууралоо боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Эгер токтом кабыл алынса "адал" маркасы менен товар чыгарган ишканалар мамлекеттик органдардын жана муфтияттын атайын сертификациясынан өтөт. 

Бул аракеттер адал индустриясынын "жашыл экономика" стандарттарына өтүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле токтом ичеги-карын ооруларын жана уулануулардын санын азайтууга негиз берет. Себеби, базарда сапатсыз жана аткезчилик жолу менен келген продукциялардын саны азаят. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, токтом адал индустриясын өнүктүрүү концепциясынын бир этабы болуп калат. 

Долбоор Кыргызстанды сырткы рынокко - эл аралык жана адал стандарттарына туура келген, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын чыгарган өлкө катары көрсөтүүнү максат кылат.

КТРК



Тектеш кабарлар