Мамлекеттин маданият жана маалымат саясаты баарынан маанилүү

Президент Атамбаев Түгөлбай Казаковду кабыл алды

690459
Мамлекеттин маданият жана маалымат саясаты баарынан маанилүү

Мамлекеттин азыркы билим берүү, маданият жана маалымат саясаты - биринчи кезектеги маанилүү милдет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алганда айтты. 

Жолугушууда мамлекет башчысына министрликтин азыркы иштери, маданий мекемелердин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү чаралары жана өлкөдө кесиптик искусствону андан ары өнүктүрүү багыттары жөнүндө маалымат берилди. 

Казаков быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өтө турган иш-чараларды жүзөгө ашыруу планын айтып берди. Мамлекет башчысы быйылкы жылы жаш муундардын ыйман жана тарбия маселелерин талкуулоого кеңири коомчулукту тартууга, мамлекет менен коомдун күч аракеттерин адамга жана анын жан дүйнөсүнө топтоо зарылдыгына көңүл бурду.

КТРК



Тектеш кабарлар