Айтматовдун архивдик материалдары Кыргызстанга берилди

Президент Атамбаев, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик материалдарын Кыргызстанга берүү салтанатына катышты.

674804
Айтматовдун архивдик материалдары Кыргызстанга берилди

Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон жумуш сапарынын алкагында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик материалдарын Кыргызстанга берүү салтанатына катышты. Архивдик материалдарды өлкө башчыга Брюссель университетинин ардактуу профессору, Бельгия Королдугунун археология академиясынын мүчөсү Жан Бланкофф тапшырды. 

Президент Алмазбек Атамбаев салтанатка катышып жаткандар менен жылуу учурашып, иш-чарага Чыңгыз Айтматовду жакындан тааныган замандаштары да катышып жатканын айтып, анын ичинде улуу жазуучуну жакындан тааныган профессор Бланкоффду белгилеп өттү. 

Иш-чара соңунда президент Алмазбек Атамбаев профессор Бланкофф мырзага белек катары символикалык боз үйдү тапшырды.

КТРК



Тектеш кабарлар