Кыргызстанда президенттик шайлоо ноябрда болот

Алмазбек Атамбаев: "Адилет жана эркин шайлоо гана бийликтин мыйзамдуулугун жана өлкөдөгү туруктулуукту кепилдейт"

673182
Кыргызстанда президенттик шайлоо ноябрда болот

Кыргызстанда президенттик шайлоо 19-ноябрда болот. Мындай маалымат президент Алмазбек Атамбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алганда айтылды. Анда өлкө башчы Боршайкомдун азыркы жасап жаткан иштери жана шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Кыргызстандын келээрки президентин шайлоо өнөктүгү маанилүү иш чаралардан экенин айткан президент - шайлоого чейинки тогуз ай ичинде кемчиликтерди эске алып, шайлоонун ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кылуу керектигин кошумчалады. 

"Адилет жана эркин шайлоо гана бийликтин мыйзамдуулугун жана өлкөдөгү туруктулуукту кепилдейт", - деди Алмазбек Атамбаев.

КТРК



Тектеш кабарлар