"Ата керээзи" тасмасы Индияда өтө турган кинофестивалга катышат

Фестивалда 50 өлкөнүн 180ден ашык фильми көрсөтүлөт.

661969
"Ата керээзи" тасмасы Индияда өтө турган кинофестивалга катышат

Эл аралык кинофестиваль 2-февралдан 9-февралга чейин Индиянын Бангалор жана Майсур шаарларында өтөт. 

Тогузунчу жолу уюштурулуп жаткан фестивалда 50 өлкөнүн 180ден ашык фильми көрсөтүлөт. 

Анда "Ата керээзи" тасмасы "Азиянын киносу" сынагына киргизилген. 

Бул кинофестивалга 2012-жылы Эркин Салиевдин "Ханбийке Назик" жана 2016-жылы Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмалары катышып байгелүү кайтышкан.

КТРК



Тектеш кабарлар