Метин Кылыч: чыгымдар камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнөт

Түркиянын Кыргызстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч жакында болуп өткөн кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтат.

655606
Метин Кылыч: чыгымдар камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнөт

Учактын кыйрашына байланыштуу Кыргызстандагы Түркия элчиси Метин Кылыч КТРКнын каналына эксклюзивдүү интервью берип, чыгымдардын ордун толтуруу маселеси боюнча маектешти. 

Анын айтымында, жабыркагандарга кенемтени кыйраган учакты мурда камсыздандырган сингапурдук компания төлөп бермекчи.

Түркиянын Кыргызстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч жакында болуп өткөн кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтат.
Метин Кылыч, Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси: учак жеке менчик авиакомпанияныкы. Анын акцияларынын 49 пайызы Кытай Эл Республикасы, ал эми 51 пайызы түркиялык тарапка таандык экен. Чыгымдардын баары камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнөт. Алар эки этап менен ишке ашырылат. Алгач жабыркагандарды мейманканага жаткыруу, ооруканада жаткан бейтаптардын дарылануусу сыяктуу чыгымдар төлөнөт. Андан соң кенемтенин көлөмү аныкталып, бардык материалдык зыяндардын орду толукталат.

КТРК



Тектеш кабарлар