Кыргызстанда 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы

Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш

649783
Кыргызстанда 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы

2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган. Мындай жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Анда Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш экени айтылат. 

Ошондуктан, азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат, -деп айтылат жарлыкта. 

Президенттин жарлыгынын негизинде ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча атайын комитет түзүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү да катышат. 

Мындан тышкары бул жылдагы иш-чаралардын планы бир ай ичинде иштелип чыгышы зарыл. 

Мерчемделген планда жарандардын руханий жана адеп тарбиясын өстүрүү, балдардын шык жөндөмүн ачып өнүктүрүүнүн натыйжалуу системасын түзүү, заманбап билим берүү, жаштар, демография, маданият жана дин саясатын калыптандыруу боюнча иштер камтылышы керек.



Тектеш кабарлар