Атамбаевдин Өзбекстандагы сапарында бир нече багыттагы маселелер талкууланды

Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын биринчи Президенти Ислам Каримовдун Самаркандагы бейитине зыярат кылып, гүл чамбар койду.

638233
Атамбаевдин Өзбекстандагы сапарында бир нече багыттагы маселелер талкууланды

Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапар жасап, анын алкагында өзбек президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушту. Тараптар анда эки өлкөнү кызыктырган бардык маселелерди талкуулашты. Алар чек ара көйгөйлөрү, жайыт жерлер, суу сактагычтар, темир жол курулушу, ГЭСтер жана башка көптөгөн багыттар боюнча.

Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын биринчи Президенти Ислам Каримовдун Самаркандагы бейитине зыярат кылып, гүл чамбар койду. 
Өлкө башчы ушул жылы июнь айында Ташкентте болуп, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышкан. Ошондо Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримовдун акыркы жолу жолугушуусу болгон. Айтмакчы ошол сапарда Алмазбек Атамбаевди коңшу өлкөнүн ал кездеги өкмөт башчысы Шавкат Мирзеев тосуп алган. Буга чейин Атамбаев өз билдирүүлөрүндө өзбек эли Мирзиеевди президент кылып шайлайт деген үмүтүн билдирген. Учурда эки президенттин ортосунда жылуу мамиле түзүлгөн. 
Шавкат Мирзиеев президент болуп шайланды. Бул болсо коңшу өлкөлөрдүн эки лидеринин биринчи жолугушуусу, Шавкат Мирзиеев өзүнүн ант берүү аземинен кийин биринчи болуп Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп отурат. 
 Өлкө башчы бул жолу Ташкентке эмес, Самаркандга барды. Бул жер президенттердин жолугшуусу үчүн атайын тандалып алынган. Бул шаарда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Кариов жерге берилген. 
Алмазбек Атамбаев бул жерде Өзбекстандын биринчи президентинин көрүстөнүнө зыярат кылды. Шахи Зинда мавзолейине эки президент бирге келишти. Мында арбактарга багышталып куран окулду. Куранды кыргыз тараптан белгилүү диний ишмер Абдышүкүр Нарматов окуду. 
Шавкат Мирзиеев кызматка киришээри менен эле коңшу мамлекеттер менен мамилени оңдоого багыт алганы байкалды, анын ичинен Кыргызстан менен өзгөчө алака түзүү тууралуу билдирүүлөрүн жасаган. Буга чейин өкмөттүк деңгээлде маданий байланыштарды жандантуу боюнча бир катар иш чаралар болуп өттү. Жогорку кызмат адамдары баштаган делегациялар бири-бирине меймандап да келишти. Чек ара маселесин чечүүдө да кандайдыр бири жылыштар байкалганы айтылууда. 
Алмазбек Атамбаевди иш сапарынын алкагында өзбек-немис биргелешкен жүк ташуучу унаа, автобус, “Ман” үлгүсүндөгү айыл чарба техникаларын чыгарган заводдун иши менен тааныштырышты. Өлө башчыны Шавкат Мирзиеев жеке өзү коштоп жүрдү. Ишкана Самарканддын чет жакасында жайгашкан. Бул жерде жылына миңдей унаа чыгарышат. Кыргызстан бул жерден айыл-чарба техникаларын сатып алса болот, бирок баалары карапайым дыйканга төп келчүдөй эмес. 
Серепчилер белгилегендей коңшулар бири бири менен соодалашып, өз ара бекем мамиле түзсө болот. Анүстүнө эки өлкөнүн ортосунда соода айлантуунун көлөмүн көбөйтүү дагы убакыт талабы болуп турат. 
Конкреттүү иштер боюнча Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеев эки тараптуу жолугушуу учурунда сүйлөшүштү. Эки өлкөну кызыктаргын бардык маселелер талкууланды. Алар чек ара көйгөйлөрү, жайыт жерлер, суу сактагычтар, темир жол курулушу, ГЭСтер жана башка көптөгөн маселелер бар. 
Жакында эки өлкө лидерлеринин өз ара иш сапарлары болот. Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеев бул тууралуу да сүйлөшүштү. Азыртадан алдыдагы визиттин программасын даярдоо иштери башталды. Негизги темалардын бири экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү. 
Саясатчылар эки өлкөнү мамилесин ждакшыртуу жана аны жаңы деңгээлге алып чыгуу убакыт талабы дешет. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков президенттер жабык эшик артында кандай маселелерди талкуулашканын айтып берди. Эң башкысы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына расмий Бишкек ыраазы. Тараптар эки өлкө ортосундагы бардык маселелер боюнча сүйлөшүп, бир пикирге келгендей. 
Эң башкы көпкө созулган көйгөй чек араларды делимитация жана демаркациялоо иштери. Негизи бул маселелерди эки өлкө эчак эле чечип, жөнгө салышы керек болчу. Бирок конкретүү аракеттер эми гана башталууда. Маанилүүсү тараптар сүйлөшүүлөрдү баштагандыгында. 
Саясатчылар президенттин Өзбекстанга болгон сапарын тарыхый деп баалашууда. Бир канча чыаңлып турган мамиле эми жөнгө салынууда. Протколго ылайык Алмазбек Атамбаевди өкмөттүк чиновниктер узатышы керек эле, бирок буга карабастан Шавкат Мирзиеев кесиптеши менен коштошууга жеке өзү келди. 

КТРК



Тектеш кабарлар