Добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшыргандар катышат

26-ноябрга чейин  ар ким өзүн тизмеден тактоого тийиш.

617765
Добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшыргандар катышат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана референдумга карата тизмелерди тактоо иштери жүрүп жатат. Добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшыргандар катышат. 26-ноябрга чейин  ар ким өзүн тизмеден тактоого тийиш. 

Ал арада шайлоодо фальсификация болоорунан күмөн санагандар да болууда. Ал эми жарандардын көпчүлүгү добуш берүүгө даярдыктарды көрүп жаткандыктарын айтууда.

Кошумчалай кетсек, 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.  Бул жолу жарандар  22 шаарда жана 384 айылда жергиликтүү кеңешке депутаттарга добуш берет. 11-ноябрда шаардык кеңештерге, ал эми 26-ноябрда айылдык кеңештерге үгүт иштери башталды. 

КТРК



Тектеш кабарлар