Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган тыйын жүгүртүүгө киргизилди

Монетанын алдыңкы бетине Жусуп Баласагындын күмбөзүнө түшүрүлгөн портрети менен Бурана мунарасынын фрагменти чагылдырылган.

601427
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган тыйын жүгүртүүгө киргизилди

Кыргызстандын Борбордук банкы Жусуп Баласагындын туулганынын 1000 жылдыгына арнап чыгарган күмүш акчаны коллекционерлерге сата баштады.

Күмүш монетанын салмагы 28,28 грамм, диамтери 38,61 миллиметр жана  3420 сомдон (орто эсеп менен 50 доллар) сатылууда.

Тыйындын миң нуска менен чыккандыгы жана Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражатынын статусуна ээ экендиги айтылат. Сегиз бурчтук түрүндөгү монетанын алдыңкы бетине Жусуп Баласагындын күмбөзүнө түшүрүлгөн портрети менен Бурана мунарасынын фрагменти, Теңир тоо, Кашкардагы эстелик чагылдырылган. Ал эми арткы бетине "Кутадгу билиг" поэмасынан алынган саптар жазылган.

Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) Кыргызстандын сунушу боюнча 2016-жылды «Жусуп Баласагын жылы» деп жарыялаган, жыл бою улуу ойчулга арналып ар түрдүү иш-чаралар жана эскерүү кечелери өткөрүлдү.
Орто Азияда Исламды кабыл алган алгачкы түрк мамлекети болгон Карахандыктардын борбору Баласагында 1016-жылы туулган Жусуп Баласагын, «Кутадгу Билиг» чыгармасын жазган. Насыйкатнаама катары аныкталган «Кутадгу Билигде» ал убакта жашаган чөйрөнүн илими жана философиясы туурасында маанилүү маалыматтар берилген. Жусуп Баласагын 11-кылымда түрк тилин илим тили катары таасирдүү колдонгон. Жусуп Баласагын 1077-жылы Кашкар шаарында дүйнө салган.



Тектеш кабарлар