Көзүнө акысыз операция жасалган балдар

Мацуда Жапониядан спонсорлорду таап, балдарга операция жасоого жардам көрсөткөн.

595420
Көзүнө акысыз операция жасалган балдар

Көзүнө акысыз операция жасалган балдар, аларга мындай мүмкүнчүлүктү тартуулаган киши менен жолугушту. Ал JICA аркылуу волонтерлук кылып жүргөн Мацуда Щинжи. 

Мацуда Жапониядан спонсорлорду таап, балдарга операция жасоого жардам көрсөткөн. 

Мацуда Щинжи жапон жигити JICA аркылуу волонтер болуп келип, эки жыл бул мектепте иштеп кеткен. Мацуда балдар менен башкы демөөрчү Такеуке Масахиконун ортосундагы көпүрө болду. 

"Балдарга демөөрчү болуп берген киши өзү да азиз. Бүгүнкү жолугушууга ал келе алган жок. Бирок мен ага анын колдоосу менен көрүү мүмкүнчүлүгүн алган балдардын кубанычы менен каалоо тилектери айтылган видеону алып барып берем", - деди Жапониядан JICA аркылуу келген волонтер Мацуда Щинжи.

КТРК



Тектеш кабарлар