Маданият чөйрөсүн жакшыртуу
Президент Атамбаев Түгөлбай Казаковду кабыл алды.
594969
Президент Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы, мекеменин азыркы иштери жана маданиятты өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары менен принциптерин ишке ашыруу тууралуу маалыматты укту.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев менен Түгөлбай Казаков, маданият жана искусство мекемелерин колдоо багытындагы иш-чараларды жана маданият чөйрөсүндө натыйжалуу иштеген инсандарды материалдык жактан колдоо маселесин талкуулашты.
КТРК
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.