Бишкекте ата-мекендик өндүрүштөгү кийим-кечелердин көргөзмөсү өтүүдө
Иш-чара бир жумага созулат.
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда, жеңил өнөр жай ассоциациясы уюштурган ата мекендик өндүрүштөгү кийим-кечелердин көргөзмөсү өтүүдө.
Иш-чара 13-октябрда башталып, бир жумага созулат. Анда Кыргызстанда тигилген кийим-кечелердин бардык түрлөрү, бут кийим, шым-көйнөк, кышкы куртка, ичик жана баш кийимдерге чейин коюлган.
Уюштуруучулар билдиргендей, көргөзмө ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында өткөрүлүүдө. Учурда борбор шаардын базарларын Түркия, Кытай, Бангладештен келген кийимдер каптап, жергиликтүү ишкерлерге жетиштүү түрдө колдоо болбой жатканы айтылды. Көргөзмөдө баалар базар наркынан төмөн болмокчу.
КТРК
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.