Кыргызстанда көздүн катаракта илдетин дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлдү

Операция кыска аралыкта жасалып, оорулуу 2 саатан кийин үйүнө кете берсе болот.

583064
Кыргызстанда көздүн катаракта илдетин дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлдү

Кыргызстанда көздүн катаракта илдетин сапаттуу жана тез операция кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Бишкектеги Көз Микрохирурургия клиникасына наркы 79 миң доллар турган Америкалык “Алкон” фирмасынан “Инфинити” аппараты сатылып алынды. Мындай аппарат азырынча Кыргызстанда бирөө гана. 

Операция кыска аралыкта жасалып, оорулуу 2 саатан кийин үйүнө кете берсе болот. Аталган клиникада “Инфинити”аппараты менен алгачкы операция жасалды. 

Белгилей кетсек “Инфинити”аппараты дүйнөлүк масштабда кеңири колдонулуп, сапаттуулугу менен айырмаланып келет. Мурда бул аппарат менен катарак оорусун дарылатам дегендер Россия, Турция жана Алма- Ата шаарына барышчу.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК)



Тектеш кабарлар