Ардагер чемпион

Ош шаарынын мэри дүйнөнү багындырган ардагер чемпионду кабыл алды.

582098
Ардагер чемпион

 3-октябрь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеште күмүш байгеге ээ болгон Калмат Камчыбековду кабыл алды.

Калаа башчысы спортчуну жеңиши менен куттуктап, бул жетишкендик жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин билдирди.

“Ардагерлер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта, жаш курагыңызга карабай күмүш байгени багындырып, жалпы кыргыз элине кубаныч тартууладыңыз. Бул жетишкендик жаш спортчуларга чоң ишенич жана үлгү болду. Мындан ары да спортту таштабай, кийинки дүйнөлүк мелдештерде алтын байгени багындырышыңызга биз терең ишенебиз”,-деди А.Кадырбаев.

Шаар мэри спортчуну жеңиши менен куттуктап түстүү телевизор белек ылды.

Өз кезегинде спортчу шаар башчысынын жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдирип, мелештин жүрүшү боюнча ой бөлүштү.
“Күмүш байгени утуп алуу оңойго турган жок.Учурда 66 жаштамын. Спортту таштайын деген ниетим азырынча жок. Машыгууларды улантып, кийинки дүйнөлүк мелдештерге катышам. Шаарыбыздын, өлкөбүздүн намысын чет жерлерде коргоо мен үчүн чоң сыймык”,-деди К.Камчыбеков.

Эске салсак, Калмат Камчыбеков 23-25-сентябрь күндөрү Финляндияда ардагерлер арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгени ээлеген. Ал 130 килограмм салмакка чейинки, 66-70 жаштагы спортчулар арасында күч сынашкан.

"Кабар" маалымат агенттиги

 



Тектеш кабарлар