Кыргызстанга келген КМШ мамлекет жана өкмөт башчыларынын айрымдары Ата-Бейитте

Президенттер 1916-жылы курман болгондордун эстелик Мемориалына гүл коюшту.

572440
Кыргызстанга келген КМШ мамлекет жана өкмөт башчыларынын айрымдары Ата-Бейитте

Кечээ, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалына гүл коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалымат иретинде: “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондорго арналган эстелик Мемориалын ачуу аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди н катышуусу менен 2016-жылдын 2-сентябрында болгон.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар