Бишкекте улуттук кийимди даңазалоо акциясы өтөт

Бул акция улуттук кийимдерибизди жайылтып, этно маданиятыбызды өркүндөтүү максатын көздөйт.

560472
Бишкекте улуттук кийимди даңазалоо акциясы өтөт

 Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата 31-августа саат 17:00дө Борбордук Ала-Тоо аянтында улуттук кийимдердин акциясы өтөт. Аталган иш-чара Тарых жана маданият жылын даярдоо, өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын колдоосунда өткөрүлөрүн дирекциянын маалымат кызматы билдирди.

Акциянын алдыңкы сабында акын-жазуучулар Гулсайра Момунова, Сагын Акматбекова, Меңди Мамзаирова, Кыргызстан аялдар конгресси, «Ак элечек айымдар» коомдук бирикмеси, белгилүү дизайнерлер Гүлжан Иреш, Аруужан Алымкулова, Жумагүл Сариева, Гүлмира Акматова жана башка улуттук кийимибизди урматтаган коомдук ишмерлер, жаштар катышат.

Жалпы 2000ге жакын адам топтолгон бул акция улуттук кийимдерибизди жайылтып, этно маданиятыбызды өркүндөтүү максатын көздөйт. Жаштардын кыргыздын улуттук кийимине болгон кызыгуусун арттырып, элдик каада-салттарды аздектөөгө чакырат.
Улуттук кийим-бул улуттун нравалык маданиятын, кадыр-баркын даңазалаган атрибут. Ар бир улуттук кийим руханий байлыктын эталону, андагы саймаларда, оймолордо башка эскиздерде элдин тарыхый баскан жолу, туткан каада-салты чагылдырылат.

Улуттук киймибизди урматтаган бардык жарандарды, саясатчыларыбызды, коомдук ишмерлерди, жаштарды Акцияга катышууга чакырабыз. 
Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 624853; 624855 телефондоруна кайрылыңыздар. 

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар