Кыргызстандын Эгемендиги тууралуу китеп чыгат
Сентябрдын аягына чейин чыгарыла турган китеп “Эгемен өлкө. Демократиялык коом. Эркин жаран” деп аталат.
Кыргызстанда республиканын Эгемендиги тууралуу китеп чыгарылат. Бул тууралуу КР Эгемендигинин 25 жылдыгына арналып Ала-Арчада өткөн илимий-практикалык жыйында “Мурас” коомдук фондунун башчысы, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин билдирди.
Анын айтымында, сентябрдын аягына чейин чыгарыла турган китеп “Эгемен өлкө. Демократиялык коом. Эркин жаран” деп аталат. Китепке белгилүү тарыхчылардын, саясатчылардын, философтордун макалалары киргизилет.
“Окумуштууларыбыз 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгилеп келишет. Бул көтөрүлүш учурунда айрым жерлерде хандык пайда болгон. Демек бул элибиз мамлекеттин эгемендигин көздөгөндүгүн билдирет. Илгертен кыргыздар кайрадан эгемендикке жетишүүнү ойлоп келишкен”,-деди Т.Чоротегин.
"Кабар" маалымат агенттиги
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.