Бишкекте азиздер жана дүлөйлөр арасында шахмат жана шашке боюнча мелдеш өттү

Анда жалпы 36 шахматчы жана шашкечи катышып, 9 команда болду.

525484
Бишкекте азиздер жана дүлөйлөр арасында шахмат жана шашке боюнча мелдеш өттү

2-7-июлда Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунда шахмат жана шашке боюнча Бишкек шаарынын командалык биринчилиги үчүн мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Турнир Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун шаардык алдыңкы уюмдарынын мүчөлөрүнүн арасында өттү. Анда жалпы 36 шахматчы жана шашкечи катышып, 9 команда болду. Ар бир командада 4 киши - 3 эркек жана бир аялдан турду. Биринчилик командалардын жалпы топтолгон упайы менен аныкталды.

Аталган турнир шаардык баштапкы уюмдардын арасында күчтүү спортчуларды аныктоо жана алардын спорттук жөндөмүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.
Мелдеш Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Ал эми жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар