Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт

Иш-чара 4-июлга чейин уланат.

519241
Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт

Бишкек шаарында Россия Федерациясынын маданият күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.

Маалыматка таянсак иш-чара 28-июндан 4-июлга чейин уланат.

Программада:
• 28-30-июнь күндөрү – Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында маданий программалар өтөт.
• 1-июлда – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда балдар сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ошол эле күнү кечинде Россия күндөрү расмий ачылат.
• 2-3-июлда — Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Россиянын этнографиялык музейинин көргөзмөсү болот.
• 3-июль күнү Кара-Балтада театралдык хордун номерлери өтөт.
• 4-июлда Ушул эле хордун концерти улуттук филармонияда жана Улуттук китепканада «Орус адабий мезгилдер» аталыштагы китеп көргөзмө уюштурулат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар