Ошто медицина кызматкерлери жарышышты

“Ден-соолук -2016” медицина кызматкерлеринин спартакиадасы өттү.

514041
Ошто медицина кызматкерлери жарышышты

18-июнда “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Ош шаарындагы медицина кызматкерлинин арасында “Ден соолук-2016” спартакиадасы болуп өттү. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаары жана Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Абдылатип Шамшиев, медициналык мекемелердин кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин атынан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров сөз сүйлөп, медицина кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Баарыныздардын келе жаткан майрамыңыздар менен. Жалпы тургундарды сергек жашоого үндөгөн бул иш чара ийгиликтүү өтүп, күчтүүлөр жеңип чыксын. Дени сак мамлекетти курууда сиздердин кылган эмгегиңиздер баа жеткис. Ар дайым эл кызматында боло бериңиздер”, - деди З.Аскаров.

Жалпысынан район жана шаардан болуп 14 команда катышты. Медицина кызматкерлеринин арасында өтүп жаткан спартакиадада катышуучулар спортттун беш түрү боюнча күч сынашат. Байге фонду 100 миң сомду түзөт.



Тектеш кабарлар