Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бренди менен конгон учак

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бренди менен жаңы конгон Боинг «737-800» лайнеринин бет ачары болду.

507421
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бренди менен конгон учак

Кечээ эл аралык “Манас” аэропортунда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бренди менен жаңы конгон Боинг «737-800» лайнеринин бет ачары болду.

Бул учак өлкөбүздөгү мындай класстагы экинчи учак болуп саналат. 
Салтка ылайык учак суу коридор аркылуу өттү. Ага белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын аты ыйгарылды.

Ал эми лайнер учуу географиясын кеңейтип, ар бир кыргыз жарандары үчүн Россия, Индия жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө учууда каттамдар жеткиликтүү болоору күтүлүүдө.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар