КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын жыйыны жогорку уюшкандыкта жана конструктивдүү маанайда өттү

Жыйындын жыйынтыгында КМШ ичинде интеграциянын деңгээлин жогорулатууга багытталган 16 документке кол коюлду.

506094
КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын жыйыны жогорку уюшкандыкта жана конструктивдүү маанайда өттү

КМШ аткаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана натыйжалуулугун арттырууга багытталган протоколдук чечимдер кабыл алынды. Белгиленген сунуштар КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында өтүүчү кеңешинде каралат. Беларусь тараптын сунушу менен КМШ Өкмөт башчыларынын кеңеши 2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында өтөт», – деп билдирди КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында өткөн КМШ өкмөт башчыларынын кеңешмесинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Жыйындагы негизги багыттар Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген КМШ өкмөттүк делегация жетекчилери менен болгон жолугушуусунда каралган. Жолугушууда шериктештиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери менен катар, аны жаңы шарттарга ыңгайлаштыруу зарылдыгы белгиледи», – деп белгиледи Сергей Лебедев.

Эске салсак, быйыл КМШ түзүлгөндүгүнө 25 жыл болду. Бул ирет КМШ мааракелик жыйынына Кыргыз Республикасы төрагалык кылды.



Тектеш кабарлар