Ысык-Көлдү чет элдиктер жакшы биле элек

КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаевдин маеги.

504535
Ысык-Көлдү чет элдиктер жакшы биле элек

КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев Ысык-Көлдөгү туристтик мезгил, андагы көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору тууралуу “Кабар” агенттигине айтып берди.

-  Аскат Акибаевич туристтик сезонду өткөрүү боюнча пландалган иштер тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.

- Бул жылы биз туристтик сезонду узартуу үчүн атайын май айынын башында ачтык. Негизи туристтик сезон эки айга созулат. Бул Ысык-Көл үчүн өтө кыска убакыт. Анткени, биздин берметибиздин толук мүмкүнчүлүгүн ачып берүүгө жетишсиздик кылат. Мындан тышкары, туристтик сезонду күзгө чейин улантуу үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун күз айларына пландадык. Май жана сентябрь айларында күн жылуу болгондуктан, аба ырайы көл жээгинде эс алууга мүмкүндүк берет. Биздин туризм тармагындагы өнөктөштөрүбүздү – турфирма, туроператор, агенттик, эс алуу үйлөрүн жана пансионаттарды туристтик сезон май айынын башында ачылары тууралуу кабардар кылганбыз. 
Курорт мекемелеринин көпчүлүгү ачылды жана эс алуучуларды жана туристтерди кабыл алууга даяр.

- Азыр жолдор курулуп жатат. Өкүлчүлүк жолдорду реконструкциялоого кандайча катышат жана келген туристтер үчүн кандай убактылуу шарттар түзүлөт?

- Эң актуалдуу маселе. Алгач көз карандысыздыкты алгандан бери бир дагы министрлер кабинети Ысык-Көл облусунун айланасына жол куруу пландабаганын айтып койгум келет. Ал эми азыркы өлкө жетекчилиги бул чечимди кабыл алды. Көлдүн айланасындагы жолдор СССР учурунан тартып 50 жылдан ашык убакыттан бери оңдолгон эмес, ага карабай биз туризмди өнүктүрүшүбүз керек деп айтып келдик. Ысык-Көл шакекчесин реконструкциялоо – Казакстан, андан ары Россияга чыгуу менен аймакта жаңы инфраструктура түзүү. Ал эми ыңгайсыздыгы тууралуу айтсак, жолдорду куруу негизинен жай айларына туш келет, бул техникалык талап, анткени кышында курулуш иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес, ал эми жаз жана күз айларында аба ырайы туруксуз болуп, курулуш иштерине кедергисин тийгизет. Боом капчыгайын реконструкциялоодо жолдун бир тарабы жүргүнчүлөр үчүн ачык болуп, экинчи тарабында курулуш иши жүрүп турган. Бул жерде дагы ошол сыяктуу эле курулуш иштери жүрүп жатат.

- Аскат Акибаевич, учурда жолдун Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки эле бөлүгү жөнүндө сөз жүрүп жатат, ал эми Ысык-Көл облусун айланып өткөн жол качан толук реконструкцияланат?

- Бул жылы жолдун Тамчы-Корумду бөлүгүн бүтүрүү пландалууда, Ысык-Көл айланып өтмө жолун реконструкциялоо жакынкы бир нече жыл аралыгында бүтөт деп ишенем. Азыр бизге убакыт жана каражат керек. Унаа жолун куруу кымбатка турган иш-чара экени эч кимге жашыруун эмес.

- Туристтер үчүн кандай жаңы сервистер түзүлөт?

- Бүгүнкү күндө дүйнө тынымсыз өзгөрүлүп жатат жана интернеттин адамга кандай керектиги сезилүүдө. Ушуга байланыштуу, Ысык-Көлдүн бардык аймагында “wi-fi” тармагын орнотуу боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Бул үчүн атайын пайдалуу сунуштарды жана инвесторлорду издеп жаткан учурубуз. Сынакмык долбоор катары “Коопсуз аймак” долбоорун ишке киргизгенбиз, анын алкагында түрдүү коомдук жайларга видео байкоо камералары орнотулган.

Ошондой эле, дагы бир жаңычылдык бар. Ысык-Көлгө чет өэкөлүк туристтердин көп келип жатканына байланыштуу алар үчүн туристтик маалымат борборун ачууну пландоодобуз. Башкача айтканда, 50-60 км аралыкта “Туристтик үйлөр” болот. “Туристтер үйүндө” келген туристтердин ар бири Кыргызстан тууралуу өзүнө керектүү маалыматтарды таба алышат. Мисалы, мамлекеттик кызматтардын номери, туристтик маршруттар, мейманканалардын тизмеси жана алар менен байланышуу жолдору жана башка турист үчүн керек болгон бардык маалыматтар. Туристтерге он-лайн режиминде мейманканалардагы бош орундар, баалар, номерлердин сүрөтүн көрүү жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу шарттарды түзүп берүүнү пландоодобуз.

Андан тышкары, медиа-борбор ачууну көздөп атабыз, анткени Ысык-Көлдө бир жылда журналисттердин катышуусунда миңден ашык ар түрдүү иш-чаралар болот. Бүгүнкү күндө ЖМКлар жана бизнес үчүн зарыл маалыматты ыкчам берүү өзгөчө маанилүү. Ушуга байланыштуу биз алгач Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында, андан кийин облустун башка аймактарында медиа-борборлорду ачууну пландап жатабыз.

- Ысык-Көлдөгү мүмкүнчүлүк толук ачылган эмес. Аны толук ачуунун жолдорун билесизби жана эмнеден баштоо керек?

- Сиз туура айтасыз, бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн аз гана бөлүгү мүмкүнчүлүгүн ачкан. Эгер пайыз менен ала турган болсок, берметибиздин мүмкүнчүлүгү 10%га гана ачылган, андан дагы аз болушу мүмкүн. Ысык-Көлдүн мүмкүнчүлүгүн толук ачуу үчүн комплекстүү карашыбыз керек. Биз Ыск-Көл облусун өнүктүрүү концепциясын даярдап койгонбуз. Ал абдан мазмундуу жана айыл чарба, мал чарбачылыгы, орто жана чакан бизнести ишке киргизүүдөн артыкчылыктуу туризмге чейинки бардык тармакты камтыйт.

- Ысык-Көлдүн түндүк жагы, мисалы Балыкчы, Өрүктү туристтерди толук кабыл албайт. Чет өлкөлүктөр берметибиздин башка жактарына дагы келиши үчүн эмне кылыш керек?

- Туризмдин башка да түрлөрү жана багыттары бар. Ысык-Көлдүн жаратылышы уникалдуу, бул жерде жыл бою туристтерди кабыл алса болот. Негизги артыкчылык – бул пляж туризми, кышкы туризм, медицина, спорттук, тоо туризми жана альпинизм, андан тышкары эко жана этно, тарыхый жана диний туризми. Азыркы учурда биз ушул багыттар боюнча иштеп жатабыз. Жарандар Чолпон-Ата менен Бостериден башка жерге туристтер келбейт деп ойлошу мүмкүн, бирок чынында көпчүлүк чет элдик туристтер эс алуунун таптакыр башка түрүн талап кылышат. Алар үчүн биздин тоолорду, кооз жерлерди, жайлоолорду, улуттук маданиятыбыз жана турмуш шартыбызды көрүү, аңчылык кылуунун жана спорттун түрлөрүн билүү кызыктуу. Түштүк жээкке байланыштуу мен ойлойм, ал жактын мүмкүнчүлүгү түндүк жактыкына салыштырмалуу көп. Менин оюмча, ар бир шаардын, калктуу пункттардын шаардын тарыхын, анын колоритин чагылдырган өзүнүн кайталангыс архитектуралык стили болуш керек. Мисалы, европа шаарлары жана шаарчаларында заманбап мекеме курууда тарыхый курулушун сактап калышат.

Ошондой эле, түштүк жээктеги туризм жогоруда айткандай, табигый мүмкүнчүлүктөрү жана тарыхый мурастарынын эсеби менен өнүгүшү керек.

Мисалы, белгилүү Манжыл-Ата. Жүздөгөн адамдар ыйык жерди көрүү үчүн барышат. Бул жер руханий практикага кызыккандар үчүн жакшы маршрут.

- Сиз Президент менен жолугушууда алгылыктуу тапшырмалардын бири катары инвестиция тартуу маселеси айтылды, чындыгында аймак инвесторлор үчүн жагымдуу, кандай инвесторлорду тартмакчысыз?

- Кызматташтык жана инвестициялар тууралуу көптөгөн сунуштар келип жатат, бирок бизге аймак жана өлкө үчүн пайдалуу жана натыйжалуу болгондор керек. Улуттук кызыкчылык эске алынат.

Иран биз менен кызматташууга кызыкдар, анын ишкерлери бирдиктүү балык чарбасын түзүүнү, Иранга эт азыктарын жеткирүүнү сунушташууда. Ирандын ири медициналык борбору саламаттык сактоо жаатында бирдиктүү долбоорду ишке ашырууну сунуштады. Азыр бул сунуштар каралып жатат.

Кытай тарап Ысык-Көл облусун аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги өнөктөштүк караты кароодо. Кытай инвесторлору аймакта өнөр жайды өнүктүрүүгө инвестиция чегерүүгө даяр.

Түркиянын бизнес-коомчулугу туристтик тармакты өнүктүрүүгө, атап айтканда пансионат, ден-соолукту чыңдоочу мекемелерди курууга кызыкдар. Андан тышкары, Индия, Малайзия, Франция өлкөлөрүнөн түрдүү сунуштар келген. Бул сунуштардын барында Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынат.

- 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар кандай жүрүп жатат?

- 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүп жатат. Кырчын жергесинде этношаарча курулууда. Жолдорду куруу боюнча иштер жакшы жүрүп жатат. Кеңири масштабдуу маалыматтык компания жүргүзүлүүдө, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бет ачары көрсөтүлдү. 40 тан ашык өлкөгө чакыруу жөнөтүлдү, дагы бир катар өлкөлөр өздөрү оюнга катышууну каалаганын билдиришти. 
Жалпысынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын улуттук бренди болуп саналат жана абдан тездик менен дүйнөгө жайылууда. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук брендден эл аралык оюндарга айланат деген ишенимдемин.

Маектешкен Аман Алымбеков, “Кабар”



Тектеш кабарлар