Бишкектен Ысык-Көлгө бекер каттам ачылат

Air Astana авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.

503583
Бишкектен Ысык-Көлгө бекер каттам ачылат

Air Astana авиакомпаниясы Бишкектеги "Манас" аэропортунан Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Мындай маалымат аталган авиакомпаниянын расмий сайтына жарыяланды. 

Бул кызмат 8-июндан 8-июлга чейин Астана — Бишкек каттамы боюнча учкан бардык жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүү болот. Ага ылайык, "Манас" аэропортуна келип конгон жүргүнчүлөрдү компаниянын өкүлү Чолпон-Ата шаарына чейин жеткире турчу автобуска отургузат. 

Эске салсак, быйылкы жайкы туристтик сезон 7-майда расмий түрдө ачылган болчу.

 



Тектеш кабарлар