Мамлекеттик кызматкерлер үчүн “Кыргыз тили” окуу куралы басылып чыкты

Кыргыз тили окуу куралында 70-жылдардагы 22 Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы камтылган

501310
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн “Кыргыз тили” окуу куралы басылып чыкты

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында КРСУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы Кутман Биялиев билдирди.

К.Биялиев бул китептин басылып чыгышынын башкы максаты башка улуттун жана шаардык кыргыздарды орус мектебин бүтүргөн кыргыздарды жумуш ордунда кыргызча иш алып барууга үйрөтүү болуп саналат.

“Кыргыз тили мамлекеттик кызматкерлер үчүн окуу куралы жумуш ордунда кыргызча сүйлөшүп, иш кагаздарын кыргыз тилинде алып баруусу үчүн атайын иштелип чыкты. Бул долбоорду ишке ашырууда кыргыз тесттин жоболорун жана Европадагы тил портфелин негиз катары алдык. Программалык документте 70-жылдардагы 22 Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы камтылган”,-деди ал.

“Ал эми документти түзүүдө алдыңкы методист, лингвисттер катышып, негизги жоболорду иштеп чыкты. Биз аларды Кыргызстандын шартына ылайыктап окуу куралын түзүүгө аракет кылдык. Мисалы, А-1, А-2 деңгээлиндеги китептер башка улуттун өкүлдөрү үчүн арналган китептер. Ал эми В-1, В-2 деңгээлиндеги басылып чыккан китептер болсо бул түрк тилдүү, кыргызча түшүнгөндөр үчүн басылып чыкты. Китеп жумуш ордунда иш алып барып жаткан стилистиканын, котормонун негиздерин билген адистерге багытталган окуу китептери болуп саналат ”,-деп кошумчалады К.Биялиев.



Тектеш кабарлар