Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү өтөт
Үстүбүздөгү жылы 31-майдан 5-июнга чейин Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин Маданият күндөрү өтөт.
Үстүбүздөгү жылы 31-майдан 5-июнга чейин Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин Маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кувейт мамлекетинин расмий делегациясы 31-майда Бишкек шаарында Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, 2-июнда КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев менен жолугушат.
31-майда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейинде көргөзмөнүн ачылышы болот, анда келгендерге Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерге арналган сүрөт көргөзмө, андан тышкары Кувейттеги археологиялык казуулар, кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдары, кувейт элинин салттуу кийимдери көрсөтүлөт.
Ушул эле күнү кечинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кувейттин Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы болот.
1-июнда Махмуд Кашкари-Барскоони атындагы Чыгыш университетинде Кувейт тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, студенттер үчүн Кувейттин маданияты тууралуу лекция окулат.
2-июнда Кувейттин расмий делегациясы Ысык-Көл облусунда болушуп, анда Ыйгарым укуктуу өкүл менен жолугушуунун алкагында Бүткүл Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюндары тааныштырылып, кечинде “Аврора” санаториясынын концерттик залында Кувейттин музыкалык ансамбли концерт коюшат.
Ошондой эле, 3-июнда делегация “Кырчын” капчыгайына барат. Анда маданий программанын алкагында “Бүркүт салуу”, Тайган жарыш”, “Жаа атуу”, “Атчан жаа атуу” жана башка оюндар көрсөтүлөт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.