"Кумтөрдөн" чыккан алтындар

2016-жылдын биринчи кварталында “Кумтөр” 2,7 тонна алтын өндүрдү.

495685
"Кумтөрдөн" чыккан алтындар

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында “Кумтөр” алтын кенинен 2,7 тонна алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Кумтөр” алтын кенинен 2 миң 688 килограмм алтын өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда аз. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 5,1 тонна алтын өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн алтындын азайышын курамында алтын металы аз рудага туш келгендиги менен түшүндүрүлөт.

2016-жылы аталган кенден алдын ала эсептөөлөр боюнча 14,9-16,5 тонна алтын өндүрүлүшү керек. Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында өндрүш көлөмүнүн жогорулашы күтүлүүдө. Анткени 2-кварталдын аяк ченинде курамы бай рудага чыгышы керек.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар