Быйыл Казакстандын 3 шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат

Ысык-Көлгө 150 миңге жакын казакстандык келиши күтүлөт.

482693
Быйыл Казакстандын 3 шаарынан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылат

Казакстан менен Россиянын авиа компаниялары жаңы багыт боюнча Ысык-Көлгө түз аба каттамдарды ачууга даяр. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазып чыкты.

Азыркы учурда аба бекети көп сандагы учактарды кабыл алуусу үчүн Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунда толук кандуу оңдоо иштери, атап айтканда, светосигналдуу аппараттарды орнотуу, учакты кондуруу тутумун жакшыртуу, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо, учуп-конуу тилкесин кеңейтүү боюнча бир иштер жүрүп жатат. Учак келип конуучу тилке 3800 метрге узартылды, Бул чоң габариттүү учактарды кабыл алуусун шарттайт.

Мурда Тамчыга өтө чоң эмес учактар гана коно алчу жана аэропорт бир гана “Алматы – Тамчы” эл аралык рейсин тейлечү. “Ысык-Көл” аэропортун оңдоо иштери үстүбүздөгү жылы июнь айынын ортосунда бүтөт. Андан кийин аэропорт жайкы сезондо гана эмес, жыл бою күнү-түнү иштей баштайт.

Белгилүү болгондой, бул жылы Алматы, Астана жана Шымкенттен Тамчыга түз аба каттамы ачылат.

Казак өкмөтүнүн болжолдоосу боюнча, бул жылы Ысык-Көлгө 150 миңге жакын казакстандык келиши күтүлөт.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар