28-апрелден тарта «Кыргыз казак бир тууган» кинокомедиясы экранга чыгат

Кино тасмада эки бир тууган элдин өз ара мамилеси, тили, маданияты жана каада-салттарынын өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт.

478453
28-апрелден тарта «Кыргыз казак бир тууган» кинокомедиясы экранга чыгат

Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Нурлан Абдыкадыровдун жаңы кино эмгеги жарыкка чыкканы турат. “Кыргыз казак бир тууган” аталышындагы кино тасмада режиссер эки бир тууган элдин өз ара мамилеси, тили, маданияты жана каада-салттарынын өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтөт.

Аталган кинодолбоордун кыргыз кино айдыңындагы башка тасмалардан айырмачылыгы - эң мыкты тандалган актерлор курамынын тандалып алынышы жана каармандардын баарлашуусу өз эне тилинде, котормосуз түзүлгөнүндө.

Аталган кинокомедияда көрүүчүлөр Кыргызстан менен Казакстандын маданиятка эмгек сиңирген, белгилүү киноактерлорунун чебер оюнуна күбө болушат. Алардын ичинде, кыргыз киносунун жарык жылдызы, актердук чеберчиликтин корифейлеринин бири, тилекке каршы, бул жарык дүйнө менен мезгилинен эрте кош айтышкан Муканбет Токтобаевдин кинодүйнөсүндөгү соңку образын көрө алабыз.
Режиссердун бул ыкмасы өз алдынча улут аралык биригүүгө чакыруу болуп саналат.

“Бул тасма аркылуу, биздин казактар менен тээ байыртадан келе жаткан бир туугандыгыбызды, эки элдин бири бирине болгон окшоштук, жакындыгын белгилегим келди. Тасмада бир тамырлуу эл экенибиз көрсөтүлөт. Окуянын соңунда чындыгында көлдүк кыргыз каарман казак, ал эми Алматыдан келген казак каарман кыргыз экендиги белгилүү болот”,-деди Нурлан Абдыкадыров.

Режиссердун айтымында, биздин күнүмдүк жашообуздун өзү-комедия менен драманын айкалышы. Ушул себептүү, каармандардын мүнөзүнүн жеке өзүнө тиешелүү оригиналдуу жактарын толук ачып берүү үчүн комедия жанры тандалып алынган. Сюжетине бир нече улуттун өзгөчөлүктөрүн камтыган комедияда кол кармашып, үй-бүлөө түзүүнү чечкен баш каармандар, казак кыз менен кыргыз жигит туугандары тарабынан каршылыкка кабылышат. Арзышкандар менен ата энелери, бир чечимге келип, үйлөнүү үлпөтүн өткөргүчө, баштарынан бир топ, бир чети күлкүлүү, бир чети өкүнүчтүү окуяларды өткөзүшөт.

Эскерте кетсек, 2013-жылдан бери тартылып келе жаткан кинокомедия 28-апрелден баштап Кыргызстан менен Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүлүп баштайт.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар