Кыргызстанда канча чет өлкөлүк окуйт?

Кыргызстанда 13 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алышат

472703
Кыргызстанда канча чет өлкөлүк окуйт?

Кыргызстанда 13 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга келип билим алган чет элдик жарандардын жалпы саны 13 миңге жетет. Чет элдик студенттерден түшкөн каражат 8 млн долларга барабар. Мунун ичине билим алуу үчүн төккөн контрагы жана күнүмдүк жашоосуна кеткен каражатар кирет.



Тектеш кабарлар