Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейди реконструкциялоого ТИКА жардам берет

Борбордук Ала-Тоо аянтында тарых музейин реконструкциялоого даярдыктар боюнча иштер жүрүүдө.

465499
Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейди реконструкциялоого ТИКА жардам берет

КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда КРнын Өкмөтү менен Түркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу эл аралык кызматташтык боюнча Түрк агенттинин (ТИКА) ортосундагы “Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо тууралуу” долбооруна ылайык, борбордук Ала-Тоо аянтында тарых музейин реконструкциялоого даярдыктар боюнча иштер жүрүүдө.

Ушуга байланыштуу музейдин айланасын оңдоп-түзөө боюнча иштер жүрүп жаткан учурда тоскоолдуктар болбошу үчүн тарых музейдин айланасына тосмо тургузуу боюнча чечим кабыл алынган.
Оңдоо иштери эки этап менен жүрөт. Биринчиси 2016-жылы 31-августка чейин уланат, анын алкагында музейиндин маңдайындагы жарыктандырууну өзгөртүү пландалууда. Экинчи этабында музейди оңдоо иштери толук бүтөт.
Азыркы учурда музейдин кызматкерлери музейдеги экспонаттарды жана жагымсыз климаттын кесепетинен бузулууга дуушар болгон гипс скульптурларды жыйноо боюнча иштеп жатышат.

Маалымат үчүн: КРнын мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы негизделген.
Музейдин азыркы мекемеси 1984-жылы курулган жана Борбордук Азиядагы ири музейлердин бири болуп саналат. Музейде 135 миң сейрек кездешүүчү артефакт, уникалдуу маданий жана тарыхый экспонаттар сакталат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар