“Ата Бейитке” жаш көчөттөр отургузулду

Бүгүн "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылы 7-апрелде курман болгон апрель баатырларына багышталып бак отургузулду

463203
“Ата Бейитке” жаш көчөттөр отургузулду
/Шаххан Мырзабеков-Кабар/.​Бүгүн "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылы 7-апрелде курман болгон апрель баатырларына багышталып бак отургузулду. Бул тууралуу “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Амантур Жамгырчиев билдирди.
“Бүгүн 2010-жылы 7-апрелде курман болгон “Апрель баатырларына” арнап 300гө жакын терек, ак кайың жана арча көчөттөрүн отургуздук. Бул иш чаранын негизги максаты "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде сөөктөрү жаткан кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн курман болгон кыргыздын уулдарына таазим этип аларга куран түшүрүү. Бүгүнкү иш чарага “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси менен биргеликте апрель окясынын катышуучулары, кайтыш болгон адамдардын жакындары жанан жаштар катышып жатышат”,-дейт А.Жамгырчиев.


Тектеш кабарлар