Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү

«Мамтилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү» семинары КТРКда 2-ирет өткөрүлүп жатат

457900
Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору «Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү» аттуу семинар-тренингин Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери жана журналисттерине экинчи ирет уюштурду. Ал эми биринчи топ үчүн 18-19-мартта окуу уюштурулган. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов катышуучуларга ийгилик каалоо менен бирге, мугалимдерден кийинки эле коомду тарбиялай турган журналисттер экендигин, тилдин таза сакталышына кошо турган салымы зор болорун баса белгиледи.

25-26-мартта өтө турган эки күндүк семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелери, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, термин маселелери ж.б. журналистика үчүн олуттуу болгон темалар боюнча маалымат алышмакчы.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар