Бүгүн Кыргыз Республиканын мамлекеттик желек күнү

Алмазбек Атамбаев: “Биздин эркин жана эгемен мамлекетибиздин желеги - тынчтык менен ынтымактын уюткусу”

443507
Бүгүн Кыргыз Республиканын мамлекеттик желек күнү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин күнүнө байланыштуу кайрылуусу:
“Кадырман кыргызстандыктар!
Бүгүн баарыбыз Мамлекеттик желек күнүн белгилеп жатабыз.

Элибиздин өткөн тарыхынын, бүгүнкүсүнүн жана келечегинин символу болгон, улут рухун чагылдырып, баарыбызды мекенчил сезимге бөлөгөн сейрек, касиеттүү күндөр болот. Мамлекеттик желек күнү - ошондой сейрек, улуу учур.
Желегибиздин алдында биз мамлекетибиздин пайдубалын бекемдеп, эл аралык саясий, маданий, спорттук иш чараларда башкалар менен тең желбиретип келатабыз.

Желегибизди ар дайым кастарлап, сый-урмат көрсөтүү аркылуу биз өз тарыхыбызды, ата-бабалар мурасын, көөнө маданиятыбыз менен салттарыбызды даңазалайбыз. Биздин эркин жана эгемен мамлекетибиздин желеги - тынчтык менен ынтымактын уюткусу, Кыргызстанды мекендеген бардык жарандарды боордош, жердеш, тагдырлаш жана келечекке сапарлаш экенин туюндурган кудурет-күч.

Чейрек кылым мурда эгемендикке ээ болгон Кыргызстан соңку кезде өз жолун тапты, ар бир жараныбыз өз мамлекети үчүн жоопкерчилик анын да мойнунда экенин сезип, бири-бирибизге эриш-аркак жаркыраган келечекке жол чаап жатабыз. Бир туунун алдында, бир максатты көздөө аркылуу гана биз мекенибиздин, ар бирибиздин турмушубузду жакшырта алабыз.

Быйылкы Тарых жана маданият жылында Кыргызстан эли мамлекеттүүлүгүн дагы бекемдеп, ынтымак-ырашкерлигин дагы арттырат деп ишенем. Кийинки кезде ар кандай ири салтанаттар менен иш чараларда биздин желегибиз улам көкөлөп көтөрүлгөн сайын ар бирибиздин жүрөгүбүз сыймыктануу сезимине бөлөнчү болду.

Ардактуу мекендештерим!

Бул улуу күнү бири-бирибизге, Мекенибизге асыл тилектерди жолдойлу. Баарыңыздарга чың ден соолук, ачык асман, бакубатчылык каалайм! Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун, желегибиз Ала-Тоонун аппак чокулары менен теңдеш желбирей берсин!”



Тектеш кабарлар