Түрк тарыхы үчүн абдан маанилүү симпозиум өтөт

Симпозиум Боготадагы Externado университетинде болот.

214494
Түрк тарыхы үчүн абдан маанилүү симпозиум өтөт

Колумбиянын борбор шаары Боготадагы Externado университети эртең түрк тарыхы үчүн маанилүү болуп эсептелген симпозиумду өткөрөт.
Анкара университети менен кызматташуу аркылуу уюштурула турган «1915-Осмон империясынын эң узун жылы» аттуу симпозиумга Мексика, Куба, Венесуэла, Канада, Перу, Коста-Рика жана Чили да арасында болгон 12 өлкөдөн 22 баяндамачы катышат.
Анкара жана Externado университеттеринин ректорлору проф. др. Эркан Ибиш менен Хуан Карлос Энао ачылыш сөзүн сүйлөй турган симпозиум Биринчи Дүйнөлүк согуштун Осмон империясына тийгизген таасирин баса белгилеш үчүн уюштурулууда.
Анын максаты Латын Американын коомдук пикирине 1915-жыл Осмон империясы үчүн канчалык оор жыл болгону жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.
Симпозиумдун ачылыш жана жабылышы Маданият жана туризм министрлигине караштуу «Эки сөз» аттуу музыка тобунун концерттери менен коштолот.
Симпозиумга байланыштуу маалымат алуу үчүн ошол эле учурда катышуучуларды каттоо барагы болгон imperiootomano1915.blogspot.com адресине кире аласыздар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар