Илим жана маданият көпүрөлөр - 52

ТРТ Аваз жана "Түркия үнү" радиосу

168847
Илим жана маданият көпүрөлөр  - 52

Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Түркия телерадио корпорациясынын курамында иш алып барган ТРТ Аваз телеканалы жана Түркия үнү радиосу тууралуу баяндап бермекчибиз.
Түркия телерадио корпорациясы, Түркия конституциясынын 133- беренесине ылайык, 1964 – жылдын 1- майында парламентте кабыл алынган “Түрк телерадио корпорациясы жөнүндөгү мыйзамдын” негизинде түзүлгөн. Бул мыйзамга ылайык Түрк телерадио корпорациясы эч кандай саясий же аймактык көз карашты чагылдырбаган “калыс” статусуна ээ . Бул мыйзамга ылайык 1927 – жылдан бери иш алып барган Стамбул радиосу, 1928 – жылдан бери обого чыгып келе жаткан Анкара радиолору бириктирилип, ТРТ радиосу деген ат менен 1965 – жылдын 1- январынан тарта обого чыккан. 1968 – жылдын 31 – январынан тартып теле көрсөтүүлөр эфирге чыга баштаган. Алгач түркчө жана жумасына 3 күн 3 сааттык көрсөтүүлөр берилген.
2012 – жылдагы маалыматтар боюнча, ТРТ да жалпы 7000 миңден ашык киши иштеп, 15 теле каналы 24 саат спутник аркылуу дүйнөнүн баардык жеринде көрсөтүлүп, 15 радио жана 32 тилде даярдалган уктуруулары менен дүйнө жүзүндөгү түрктөргө жана Түркия сүйүүчүлөрүнө кызмат көрсөтүп келет.
Бул жолу сиздерге ТРТнын курамында түрк тектүү калктар багытында иш алып барган ТРТ Аваз телеканалы жана Түркия үнү радиосу жөнүндө сөз кылып бермекчибиз.
ТРТ Аваз 2009 – жылдын 21 – мартында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн чоң программадагы концерттин коштоосунда өз ишин баштаган.
Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Босня – Герцеговина жана Түркияда, жалпысынан 7 өлкөдө жана ар бир өлкөнүн эне тилинде программалар даярдалып эфирге чыгарылат. Түркия менен жалпы түрк тектүү калктардын ортосундагы мамилени чыңдоо жана өнүктүрүү максатында курулган бул каналдын программалары 27 өлкөдө, 13 автономиялуу республикаларда, 250 миллион кишилик түрк тектүү калктар жашаган аймактарда көрсөтүлөт.
Афганстандан Чыгыш Европага чейинки аймактарда жашаган түрк тектүү калктарды маданий көрсөтүүлөр аркылуу бири-бирине жакындаштырууну көздөгөн ТРТ Аваз каналы, Украинадагы Крым, Молдавиядагы Гагаузия жана Россиянын ичиндеги Татарстан, Алтай, Тува, Хакасия сыяктуу автономиялуу республикалардын телерадио корпорациялары менен да кызматташып, жалпы түрк тектүү калктардын улуттук каналдары тарабынан даярдалган берүүлөрдү көрсөтөт. ТРТ Аваз каналы негизинен балдар үчүн көрсөтүүлөр, музыка, маданий иш-чаралар, улуттук көркөм өнөр, маданий баалуулуктарды чагылдырган документалдуу фильмдерди, аймактарга таандык же орток документалдуу фильмдерди, саякат жана кабарлар топтомун ичине камтыйт. Программалар азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, босня, албан жана түрк тилдеринде даярдалып, түркчөдөн башка тилдердеги программалар түркчө субтитр менен көрсөтүлөт. 2012 – жылдан тартып күнүгө казакча, азербайжанча жана кыргызча кабарлар даярдалып, улуттук каналдан келген дикторлор бул кабарларды эфирге алып чыгышууда. Бул тилдерге өзбек жана түркмөн тилдериндеги кабарларды кошуу да пландалууда.
“Түрк дүйнөсү” термини учурда бардык түрк тектүү калктар тарабынан кеңири колдонулуп келет. Бирок калктын көпчүлүгү бул терминдин ички маанисин анча жакшы түшүнө элек. ТРТ Аваз, курулган күндөн тартып “түрк дүйнөсүнүн” жүзү болуп, түрк тектүү калктарды бир бири менен жакындаштыруу, достук жана маданий программаларды эле өткөрүп турбастан, түрк дүйнөсүнүн маданиятынын дүйнө жүзүнө таанылышына да маанилүү салым кошууда.
Айрыкча ТРТ Аваз каналынын “Жаңы күн” аттуу программасы өлкөбүздө жума күндөрү түз эфирде көрсөтүлүп келди. 2012 – жылы ТРТ Аваз каналында алгачкы жолу уюуштурган “Евразия жылдызы” аттуу түрк тектүү калктар арасындагы ырчылардын конкурсунда мекендешибиз Гулжигит Калыков баш байгени жеңип алган.
“Түркия үнү” радиосу да ТРТ Аваз сыяктуу эле Түрк телерадио корпорациясынын абдан маанилүү проектилеринин бири болуп саналат. Учурда 32 тилде обого чыгып, 35 тилде интернет аркылуу иш алып барат. Радио күндө 24 саат эфирге чыгып, ТРТ колдонгон спутник жыштыктары аркылуу дүйнө жүзүнө уктурулат.
Бул радионун курулуш максаты дүйнөгө Түркия тууралуу туура маалымат берүү, мамлекеттин баалуулуктары тууралуу даярдалган маалыматтарды дүйнөнүн 32 тилинде дүйнөгө угузуу болуп саналат.
“Түркия үнү” радиосу алгач Европада жашаган түрктөргө арналып 1927 – жылы обого чыга баштаган. Айрыкча күнүгө жарым саат англисче кабарлар да окулуп турган. 1974 – жылы Түркия телерадио корпорациясынын курамына кирип, англисче жарым сааттык берүүлөрү үч саатка чыгарылып, Түркия үнү радиосу Түркияны дүйнөгө таанытуусуна салымын кошо баштаган.
Айрыкча чет өлкөдө жашаган түрктөргө Түркиядагы кабарларды жеткирип туруу да негизги максаттарынан бири. Чет жерде туулуп өскөн жаңы муунга Түркияны таанытуу, аларды түрк маданиятынан, каада - салт, үрп - адаттарынан алыстатпоо, ата мекендериндеги маалыматтарды жеткирип туруу максатында иш алып барат.
Айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарындагы Түркия, өлкөдө болуп жаткан ийгиликтерден дүйнө калкынын кабардар болуусун көздөйт. Бул радиодо жогоруда айтылып өктөндөй 35 тилде радио уктуруулар даярдалып, алдыңкы дүйнөлүк тилдер деп аталган англис, кытай, француз, немец, орус ж.б. тилдерде угармандарга тартууланат. Алардын арасында Кыргызча бөлүмү да бар.
1998 – жылдын 14 – сентябрында “Түркия үнү” радиосунда кыргызча, казакча, түркмөнчө жана өзбекче бөлүмдөрү ачылган. Алгач ачылганда бул 3 бөлүмгө күнүмдүк 7 саат эфир бөлүнүп берилген. “Түркия үнү” радиосунун кыргызча бөлүмү күнүмдүк 2 сааттан Түркиядагы жаңылыктар, ар түрдүү окуялар жана кызыктуу программаларды кыргыздарга угузуп келишкен. Кыргызча бөлүмүн 1998 – 2008 – жылдар арасында Анкара университетинин ага окутуучусу,филология илимдеринин доктору, профессор Гүлзуура Жумакунова жетектеп келген. 2008 – жылдан ушул учурга чейин аталган бөлүмдүн башчылыгын Алмазбек Асанбаев аркалап келүүдө. Айрыкча Алмазбек Асанбаевдин “Түркиядагы Кыргызстандыктар” аттуу программасы Түркиядагы студенттик жашоону кыргыздардын көз карашы менен чагылдырган ийгиликтүү программа катары көп жылдан бери уланып келе жатат.
“Түркия үнү” радиосунун кыргызча бөлүмү учурда жумада жети күн, күнүгө жарым сааттан Түркиядагы болуп жаткан окуялар тууралуу кыргыз радио сүйүүчүлөрүн кабардар кылып турушат.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар