Илим жана маданият көпүрөлөрү - 51

Медресе

161569
Илим жана маданият көпүрөлөрү  - 51

Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктардын орток маданий баалуулуктарынын бири болгон медресе жөнүндө сөз кылабыз.

Исламдагы ‘оку’ деген сөз менен башталышы, бул - диндин илимге канчалык маани бергенин көрсөтөт. Учурунда мына ушул диндин булагынан сугарылган көптөгөн түрк тектүү аалымдар чыккан. Атап айтсак, 11-17- кылымдардын арасында жашап өткөн Кашкарлы Махмут, Жусуп Баласагун, Кулкожо Акмат, Ибн Сина, Али Кушчу, Улугбек, Хусейин Байкара жана Алишер Навои сыяктуу түрк аалымдары жадыбызда унутулбайт. Бул аалымдардын баардыгы таалим-тарбиясын, илимин ислам дининин тиреги болгон мечит-медреселерде алышкан.
Мусулман башкаруучулары басып алынган ар бир жерге мечит жана илимди өнүктүрө туруучу жайлар ачышкан. Алгач таалим жөн гана мечиттерде берилген болсо, кийинчерээк медреселер ачылган. ‘Медресе’ деген сөз сөздүктөрдө мурунку учурда диний сабактар окутулуучу, сабак алган окуучулардын жашап окуган жери, мектеби деп жазылган. Медреселердин жаралышы жөнүндө илим дүйнөсүндө көптөгөн пикирлер айтылып келет. Ислам дүйнөсүндөгү медреселердин негизин түзгөн алгачкы билим берүү жайы 10-кылымда Таберан жана Багдатта ачылган. Бул медреселерде ислам укугу гана үйрөтүлгөн. Дагы бир булакта алгачкы медреселердин 9-кылымдын аяк ченинде Хорасанда жана Түрстанда курулганы жөнүндө айтылат. Негизи ар бир ислам өлкөсүндө ар башка мезгилде медреселер ачылган. Медреселер илим изилдөө борбору болуу максатында эмес, окуучуларга жогорку билим берүү жана чөйрөнүн муктаждыгы болгон дин менен башкаруу системасына кызматкер даярдоо максатында салынган. Бирок медреселердин негизги максаты султандардын же башчылардын туткан агымын колдоо жана алардын көз караштарын жайылтуу болгон. Мына ошондуктан алгачкы медресе шии агымына каршы сунни агымынын көз карашы үчүн ачылган медресе болгон.

Түрк тектүү элдердин Талас согушунан кийин ислам динин кабыл алганы тарыхта белгилүү. Алгачкы түрк-ислам мамлекети да Караханиддер болгон. Ушул хандык доорунда б.а. 11-кылымда Жети - Суу, Кашкар жана Баласагун сыяктуу шаарларда сарай, мечиттердин жанына медреселер да салынып аалымдарды, саясатчыларды тарбиялап чыгарышкан. Орто Азиядагы түрк-ислам маданиятынын Анатолияда уланышы Селжуктардын 1071 - жылдагы Малазгирт жеңиши менен башталган. Селжуктар Анатолияга көчүп келгенден кийин ар бир шаарга көптөгөн медресе салдырган. Анатолияда алгачкы медресе Токат шаарында ачылган Йагбасар Медресеси болгон. Ал эми Осмон империясы доорунда алгачкы медресе Орхон хандын учурунда, т.а. 1330-жылы Орхон Гази медресеси Изник шаарында ачылган. Андан кийин мусулмандардын аймагы кеңейип Бурса, Эдирне сыяктуу шаарларда ачылып, Стамбул шаары каратылгандан кийин ал жердин көп аймактарына медреселер салынган. Ошентип Анатолия жергесинде 1331 - жылдан 1451-жылдарга чейин 82 медресе салынган.
14-кылымдын аягынан 16-кылымдын башына чейин Орто Азияда өкүм сүргөн Тимур мамлекети доорунда илим, тил жана адабият жагынан маанилүү чыгармалар жазылган. Өзгөчө Улукбек доору Тимуриддердин илим дүйнөсүнүн эң өнүккөн доору болгон. Анын доорунда Самаркантта чоң медресе менен жылдыздарды көзөмөлдөөчү үй салынган. Бул доорлордо Чагатай адабиятынын аалымдары Хусейин Байкара менен Алишер Новаилер чыккан. Орто Азиядагы медреселер 19-кылымга чейин активдүү колдонулган. 18-19-кылымдарда медреселер көбүнчө татарлар тарабынан салынып, татар, казак-кыргыз жана өзбек окуучулары окуган. Бул жерде башка сабактар менен бирге түрк тили менен катар эле орус тили да окутулган.
Эми медреселерде кандай таалим-тарбия берилгени жана эмнелер окутулганы жөнүндө кеп кылалы. Медреселерде ойлогонубуздай тек гана дин үйрөтүлбөгөн. Куран, хадис, шарыят, ислам укугу, дуба, риваяттардын жанында тил, адабият, астрономия, философия, медицина, так билимдер математика менен геометрия да окутулган. Бирок азыркы учурдагы институт жана университеттердегидей эле кээ бир медреселерин программасында бардык сабактар окутулган болсо, кээ биринде бир же эки сабак окутулган. Мисалы, Селжук доорунда Кония шаарындагы Сырчалы аттуу медреседе шарыят, Инжи Минарели аттуу медреседе болсо жалгыз гана хадиске көңүл бурулган болсо, Чанкыры, Кайсери жана Сивастагы медреселерде медицина багытында окутулган. Осмон империясы доорунда да ушундай көрүнүш болгон. Тилдерден алгач түрк жана арап тили гана окутулган. Шии агымына каршы пикир менен башталган бул медреселерде парс тили белгилүү бир убакытка чейин окутулган эмес.
Медреселердеги окуу методдорунун бири жаттоо болгон. Окуучулар куран жана хадистерди жатташкан. Мунун жанында жазуу, суроо-жооп, дискуссия методдору колдонулган. Кыздар медреселерди уланта алышпагандыктан окууларын үйдө улантышкан. Ал эми балдар медресени бүткөрүп диплом алышкан. Диплом албагандар ошол учурдун маанилүү иш орду болгон мугалимдик кесипти аркалай алышпаган.
Түрк-ислам мамлекеттеринде медреселер Караханиддер доорунда башталып, Селжук доорунда эң өнүккөн даражасына жеткен да Осмон империясы доорунда деңгээли төмөндөй баштаган. Төмөндөшүнүн себеби батыштагы ронессанс доорунун башталышы эле. Тактап айтканда, 16-кылымдан баштап Осмон империясында ронессанс доорун жат көрүп, так илимдерден алыстай баштаган. Кээ бир медреселерде так илимдеринин бардыгы программалык базадан алынып салынган. Бул изилдөөлөрдү артка тартып төмөндөөгө жол ачкан.
Азыркы учурда медреселердин ордун университтер алган. Университет түшүнүгү батыш дүйнөсүнөн келген жана 12-кылымда жаралган. Медресени бүтүргөн окуучунун иш табуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон жана окуу учурунда сөзсүз түрдө акчалай жана тамак-аш менен каржыланып турган. Батыштагы университеттерде мындай мүмкүнчүлүк болбогондуктан ар ким өзү үчүн окуган. Бул атаандаштыкка жол ачкан жана бүгүнкү университеттердин жайылышына себеп болгон.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.



Адабияттар:
1. Ferit Devellioğlu, Osmanlıca-Türkçe Ansiklopedik Lugat, Ankara, 2007.
2. Hakan Anameç, Fatih Rukancı, XI-XVI. Yüzyıllar Arasında Medrese ve Üniversitelerde Eğitim, Tarih İncelemeleri Dergisi, C. XXIII, S. 2, Aralık 2008, s. 35-56.
3. Mustafa Şanal, Osmanlı Devleti’nde Medreselere Ders Programları, Öğretim Metodu, Ölçme ve Değerlendirme, Öğretimde İhtisaslaşma Bakımından Genel Bir Bakış, Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi, S. 14, 2003/1, s. 149-168.
4. İsmail Çiftçioğlu, Orto Asya – Anadolu İlim ve Kültür Köprüsü (XI-XVI. Yüzyıllar), Bilig Dergisi, S. 44, Kış 2008, s. 143-172.
5. Medrese, http://tr.wikipedia.org/wiki/Medrese, alınan tarih: 04.12.2014.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар