Илим жана маданият көпүрөлөрү - 48

Чоор - түрк тектүү калктардын орток маданий баалуулуктарынын бири.

158885
Илим жана маданият көпүрөлөрү  - 48


Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктардын орток маданий баалуулуктарынын бири болгон “чоор” башкача айтканда “балабан” тууралуу сөз кылабыз.

Чоор байыртан бери колдонулуп келген үйлөмө музыкалык аспап болуп эсептелет. Тарых барактары бизге чоордун 10 миң жыл мурда эле колдонулганы жөнүндө жана алгачкы үлгүлөрү куштун сөөгүнөн жасалганы тууралуу маалымдайт. Бул эски үлгүнүн учу жабык жана бир көзү гана болуп, бир эле үн чыгарган. Эски заманда байланыш куралы болгон чоор, кийинчерээк астыңкы учу ачык, боорундагы көзөнөктөрү көбөйүп, музыкалык аспапка айланган.
Чоор азыркы учурда Азияда кенен таралып эски түрүнөн көп өзгөрүүгө учурабай сакталып калган. Бүгүнкү күндө түрк тектүү элдердин улуттук музыкалык аспабы болуу менен бирге Грузия, Дагестан, Армения, Иран, Арабия, Кытай, Япония жана Корея сыяктуу өлкөлөрдө да ар кандай ат менен ар түрдүү формада колдонулуп келет.
Түрк элдеринин тарыхта колдонгон музыкалык аспаптары Орто Азияда жүргүзүлгөн археологиялык казууларда табылган. Бул музыкалык аспаптардын ичинде чоор да болгон жана окумуштуулар бул табылгаларды б.з.ч. 8-кылымга таандык экенин далилдешкен. Чоор тууралуу дагы бир маалымат кытай жазма булактарынан жолуктурабыз. Байыркы кытай булактарында гунндардын чоор колдонгондору тууралуу жазылып калган жана анын аты “билир” деп аталган экен. Мындан сырткары, кытайдын Тан Династиясы учурундагы тактап айтканда, VII-Х кылымдардагы булактарда кыргыз элинде чоор менен шыңгыратма деген музыкалык аспаптар бар экендиги эскерилет. Улуу “Манас” эпосубузда дагы чоордун бир түрү сыбызгы атын кездештиребиз. Анда:
Доолбас үнү бапылдап,
Кернай үнү такылдап,
Жезнай үнү чакылдап,
Чылмыр согуп шакылдап,
Доол уруп дүңгүрөп,
Сыбызгы үнү тызылдап,
Дап согулуп дапылдап,
Тойго какчу нагыра… - деп айтылат.
Тарых барактары байыркы аварлардын да чоор колдонушканы жөнүндө кабар берет. Дагы бир маанилүү тарыхый булагыбыз болгон 11-кылымда жашап өткөн Кашкарлы Махмуттун “Түрк тилдери сөздүгү” аттуу китебинен да чоор жөнүндө маалымат жолуктурабыз. Анда, “сагу” деп аталган жоокерлер үчүн уюштурулган узатуу же мактоо аземдеринде чоордун колдонулганы жөнүндө баяндайт.
Кытайда жашаган тува түрк элинде чоорго шоор дешет. Чоорду улуттук музыкалык аспабы катары эсептешет жана бул тууралуу да кызыктуу уламыштары бар. Уламышта ошол жерди жердеген Арбыян деген карыя жашаган экен. Ал бир күнү ууга чыкканда укмуштай кооз үн уккан экен. Бул үндүн каяктан келатканын издеп жүрүп “мандалаш” деген куурайдан жел жүргөндө кооз үн чыгарганын көрөт. Мына ушул куурайды алып карыя чоор жасаган экен. Бул үнгө жан-жаныбар да ийип жашынган жеринен чыгат имиш. Мына ошондуктан чоорду илгери аң уулоо үчүн да колдонушкан экен.
Тарыхтан бери түрк тектүү элдерде колдонулган чоор учурда да колдонулуп келмекчи. Кыргыз элинде “чоор”, казактарда “сыбызгы”, түрк элинде “кавал” же “мей”, алтай, тува, хакас элдеринде “шоор”, башкурттарда жана татар элинде “курай”, азербайжан жана өзбек элинде “балабан”, түркмөндөрдө “белбан” деген ат менен колдонулат. Чоор аты монгол тилинен “цоор”дон келген. Ал эми “түтүк” жана “курай” түркчө сөздөр болуп эсептелет. Мей жана балабан атоолоруна келсек, парс тилиндеги най-ы балабан, которуп айтылганда “камыштуу түтүк” деген мааниден келип чыккан. Туркиялык түрктөр мына ушул “мей” сөзүн кабыл алган болсо, кээ бир түрк тектүү элдер мисалы, өзбек, азербайжан жана түркмөн эли “балабан” сөзүн кабыл алышкан. Эвлия Челеби түркчөдөгү “мей” атынын ордуна “балабан” сөзүн колдонгон. Ал Ширазда пайда болгонун жана сурнайдай кулагынын жок экени жөнүндө баяндап, түрк элдери арасында көп колдонулаарын айткан. Мына ушундай ар түрдүү аттарды кабыл алгандарына жараша түзүлүштөрүндө да өзгөчөлүктөр жана айырмачылыктар бар.
Эми ушул чоорду жасоо ыкмасы жөнүндө кеп кылсак, чоор катуу жыгачтан, тыттын кээде өрүк талдарынан оюлуп жасалат да, ооз тарабына камыштан катталып ооздук тагылат. Боорунда 9 көзөнөгү болот. Ал эми чоордун 7 көзөнөгү болот да камыштан жасалат. Кыргыздарда чоордун бир түрү төрт көздүү болот да бул койчу чоору деп да аталат. Мындан башка, кыргыздарда чоордун чоң чоор, чопо чоор, ышкырык чоор, сыбызгы деп аталган түрлөрү да бар. Казактарда колдонулган сыбызгы музыкалык аспабы 60/65 см келип төрт жана алты көзөнөктүү болуп эки түргө бөлүнөт. Ал эми түрктөрдө чоордун кавал, мей жана ней деген бир класстан чыккан түрлөрү бар. Бул жердеги мейдин 13 түрү бар. Булардын жасалышына жана формалык өзгөчөлүктөрүнө жараша түрдүүчө аташкан бирок өз өзүнчө аталганы менен негизинен окшош эле келишет. Кавалдын узундугу 30 см.ден 80 см.ге чейин өзгөрөт да сегиз көздүү болот. Мейдин узундугу да 30 см болуп сегиз көздүү. Сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен чоордо ойноо бир топ кыйын дешет колдонуучулары. Чоорду сактоодо этият болуу зарыл экенин да эскертишет. Анткени камыштан жасалгандыктан нымдуу жерде бузулуп калышы мүмкүн.
Негизинен чоор түрк элдеринде түрдүү ат менен аталса да бири-бирине окшош экени байкалат. Бардыгын алып караганда боорунда төрт көзөнөктөн он көзөнөккө чейин чыгат. Учурда түрк тектүү элдердин дээрлик көбүндө фольклордук ансамблдеринде активдүү колдонулат.
Айтылып өткөндөй, байыркы учурда байланыш куралы катары колдонулган чоор, ошондой эле, ууга чыкканда да сөзсүз түрдө колдонулуучу курал болуп эсептелген. Түрк тектүү калктардын дээрлик баардыгында колдонулган чоор, ар кандай аталышта жана формалары башка болгону менен түпкү теги бир, колдонулуш максаттары да бирдей экендигин тарых барактары тастыктап турат. Бир маданияттын очогунан пайда болгон бул сыяктуу орток баалуулуктардын дагы терең изилдениши, көптөгөн жаңыча табылгаларды да ортого чыгарат деген ишеничтебиз.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.
Саламатта болуңуздар!

Адабияттар:
1. Mahmut R. Gazimihal, Türk Nefesli Çalgıları (Türk Ötkü Çalgıları), Ankara, 2001.
2. Türklerde Müsiki Aletleri, Hilal Matbaacılık Koll. Şti.
3. Altan Araslı, Azeri, Kazanlı KırımTürklerinin Folklor ve Musikisi, Yurtrenkleri Yay., Ankara, 2008.
4. Yılmaz Öztuna, Türk Müsikisi Kavram ve Terimleri Ansiklopedisi, AYK Kültür Merkezi Başkanlığı Yay., Ankara, 2000.
5. Müzik Ansiklopedisi, C. I-II.
6. Müzik ve Müzisyenler Ansiklopedisi, İstanbul, 1964.
7. «Mey», http://www.turkuler.com/thm/mey.asp, маалымат алынган дата: 20.08.2014.
8. «Кыргыздардын адабият, көркөм өнөрү, улуттук музыкасы», http://www.manas.cc/kg/forum.php?mod=viewthread&tid=349,маалымат алынган дата: 20.08. 2014.
9. «Сыбызгы»,https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%A1%D1%8B%D0%B1%D1%8B%D0%B7%D0%B3%D1%8B
10. «Halk Müziği Çalgılarınadan Kaval, Mey, Zurna», http://muzikegitimcisii6.blogcu.com/halk-muzigi-calgilarindan-kaval-mey-zurna/3112072, маалымат алынган дата: 20.08. 2014.
11. “Кыргыз элдик музыкасы” http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7_%D0%BC%D1%83%D0%B7%D1%8B%D0%BA%D0%B0%D1%81%D1%8B, маалымат алынган дата: 30.10.2014.
12. «Шоор в традиционной культуре тувинцев Китая», http://www.tuva.asia/journal/issue_21/6941-yusha.html, маалымат алынган дата: 30.10.2014.
13. «Ney», http://tr.wikipedia.org/wiki/Ney, маалымат алынган дата: 30.10.2014.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар