Илим жана маданият көпүрөлөрү - 39

Ахмед Зеки Велиди Тоган

192057
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 39

Көпчүлүгүбүзгө маалым болгондой, Башкортстандын эгемендиги үчүн күрөшкөн лидер, даанышман окумуштуу Ахмед Зеки Велиди Тоган өз эмгектери жана иш-аракеттери аркылуу түрк тектүү калктардын ортосунда көпүрө болгон илимпоздордун алдыңкы сабында турат. Кадырлуу угармандар, бүгүнкү сөзүбүз дал ушул улуу инсан Ахмед Зеки Велиди Тоган тууралуу болмокчу.

Ахмед Зеки Велиди Тоган 1890-жылы Уфа губерниясына караштуу Стерлитамак уезиндеги Көзен деген айылда сабаттуу кишинин үй-бүлөөсүндө туулган. Зеки Велиди бала чагында эле арап, фарсы, чагатай жана орус тилдерин үйрөнгөн. Ал өзүнүн эскерүүлөрүндө бала кезинде мыкты таалим-тарбия алып, бир канча тилди өздөштүрүүсүндө энесинин зор эмгеги бар экендигин жазган. Зеки Велиди оболу атасынын мектебинде, андан соң Үтек айылындагы мектепте таалим алган.
Тоган 18 жаш курагында Казан шаарына келип «Касимия» медресесинде окуй баштайт. Зеки Велиди студент кезинде эле коомдук иштерге жигердүү аралаша баштайт. Өзү окуган Касимия медресесинде студенттерге түрк тарыхы, арап жана түрк адабияты сабактарынан дарс берет. 1912-жылы анын алгачкы «Түрк-татар тарыхы» китеби жарык көрөт. 1917-жылга чейин Ахмет Зекинин отуздай илимий эмгеги жарыяланган. Зеки Велиди Николай Катанов, Василий Богородицкий, Василий Бартольд сыяктуу атактуу илимпоздор менен тыгыз кызматташкан. Катановдун китеп коллекциясынын Стамбулга келишине себепкер болгон.
Зеки Велиди Тоган 1914-жылы Уфага кайтып келип, «Османийа» медресесинде иштей баштайт. 1915-жылы Мамлекеттик Думанын 4-чакырыгына депутат болуп шайланат. 1917-1920-жылдары Башкортостан калкынын улуттук боштондук кыймылын жетектейт. Тоган 1923-жылдын февралында улуттук боштондук кыймылы жеңилүүгө учурагандан кийин СССРден биротоло чыгып кеткен.
Саясий дымагы өчкөндөн кийин Тоган өмүрүнүн калган бөлүгүн толугу менен илимге багыштоону чечкен. Зеки Велиди 1927-32, 1939-44, 1948-70-жылдары Стамбул шаарындагы Стамбул университетинде дарстар окуган. 1935-жылы Вена шаарында «Ибн Фадландын саякат наамеси» аттуу темада доктордук диссертациясын коргогон. 1935-37-жылдары Бонн университетинин, 1938-39-жылдары Гөттинген университетинин профессору болгон. 1953-жылы Стамбул университетинде ачылган Ислам изилдөө институтун башкарган.
Зеки Велиди өмүрүнүн 30 жылын Түркияда өткөргөн. Ал 1970-жылдын 26-июлунда Түркияда дүйнөдөн өтүп, сөөгү Стамбулдагы Каража-Ахмед көрүстөнүндө жерге берилген.
Кадырлуу угармандар, уктуруубуздун экинчи бөлүмүндө Зеки Велидинин түрк тектүү калктардын тарыхын изилдөөгө кошкон салымы тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.
Зеки Велиди көп кырдуу талантка ээ интеллигент болуу менен катар эле анын түрк калктарынын келечегине кошкон эң чоң салымы тарых илими тармагында болгон. Ал 1913-жылы Орусиянын Илимдер академиясынын тапшырмасы менен Фергана өрөөнүнө жана 1914-жылы Бухара хандыгына илимий сапарга чыккан. Зеки Велиди Евразия аймагында жашаган түрк тектүү калктардын дээрлик баарын кыдырып көргөнгө жетишкен. Чыгыш тилдеринен сырткары латынча, немисче, французча жана англисче илимий эмгектер жана тарыхый булактарды изилдеп түрк тектүү калктардын тарыхын жазып калтырган.
Тоган 80 жылдык өмүрүндө 300дөн ашуун эмгек жазып чыгарганга жетишкен. «Жалпы түрк тарыхына кириш» (Стамбул, 1946), «Азыркы Түркстан жана анын жакынкы өтмүшү» (Стамбул, 1942-47), «Тарыхый изилдөөлөрдөгү методология» (Стамбул, 1950) жана «Эскерүүлөр» (Стамбул, 1969) деген эмгектери ондогон тилдерде бир канча жолу жарыяланган.
Ахмед Зеки Велиди Тоган илим чөйрөсүнө бир нече олуттуу жазма булакты киргизген. Ал Орто Азияга жасаган илимий экспедициясында 10-кылымга тиешелүү Курандын түркчө котормосун, «Манас» эпосунун 19-кылымда чагатай тилинде жазылган кол жазмасын, «Кут алчу билимдин» 11- кылымга тиешелүү кол жазмасын тапкан. «Кут алчу билимдин» бул нускасы илим чөйрөсүндө билинген эң маанилүү нуска болуп эсептелет. Анкарада жайгашкан «Түрк тил куруму» бул нусканы 1943-жылы басып чыгарган. Тоган мындан сырткары 1923-жылы Ирандын Мешхед шаарындагы Равз китепканасынан Ибн Фадландын «Саякат наамасын» жана башка маанилүү булактарды илим дүйнөсүнө тааныткан.
Ал кыргыздардын тарыхына кылдат баа берген окумуштуу болгон. Анын пикиринде, энесайлык кыргыздардын алгачкы топтору монгол чапкындарынан алда канча мурда эле Теңир-Тоо аймагына келип байырлаган. Тоган «Кыргыз» этноними тууралуу жоромол кылып, анын байыркы түрү «кыркыр» же «кыркер» болсо керек деп болжогон. Тоган «Манас» эпосу жөнүндө Түркияда алгачкылардан болуп маалымат берген илимпоздордон бири болуп эсептелет.
Тогандын кыргыздар боюнча иликтөөлөрүнө кыргызстандык илимпоздор да кайдыгер калышкан эмес. Мисалга ала турган болсок, өткөн жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери тарабынан «Проф. Докт. Зеки Велиди Тоган жана тарыхчылык» аттуу илимий жыйын өткөрүлгөн.
Баса белгилей кетели, чыгыш таануучу, түрколог жана коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору, профессор, Булак таануу боюнча бараандуу адис Зеки Велиди Тоган түрк тектүү калктардын орток баалуулугу жана сыймыгы болгондуктан ТҮРКСОЙ 2010-жылды «Ахмед Зеки Велиди Тоган жылы» жарыялаган.
Урматтуу угармандар, ушуну менен программабыздын бүгүнкү чыгарылышы соңуна чыкты. Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова. Саламатта болуңуздар!

Адабияттар
1. Tuncer Baykara, Zeki Velidi Togan, Ankara, 1989.
2. Zeki Velidi Togan, Hâtıralar, Ankara, 1999.
3. Zeki Velidi Togan, Başkurtların Tarihi, Ankara, 2003
4. “Büyük Doğu uzmanı Ahmed-Zaki Validi”, http://turkish.ruvr.ru/2014_04_14/Buyuk-uzman-Ahmed-Zaki-Validi/, Erişim tarihi 24,09,2014.
5. «Ахмед Зеки Велиди Тоган” , http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%A2%D0%BE%D0%B3%D0%B0%D0%BD,_%D0%90%D1%85%D0%BC%D0%B5%D0%B4_%D0%97%D0%B5%D0%BA%D0%B8_%D0%92%D0%B5%D0%BB%D0%B8%D0%B4%D0%B8, Маалыматты сактоо датасы: 24.09.2014.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар